Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Айгүл гүл ачты

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
762
Бул гүл дүйнө жүзүндө эки жерде өссө, анын бири Кыргызстандын Баткен облусундагы тоолордо. Сейрек кездешүүчү гүлдүн илимий аталышы – рябчик-эдуардо. Анын башка гүлдөрдөн өзгөчөлүгү – ченемсиз кооздугу жана тоонун тескей жагында өскөндүгүндө. Узундугу бир метрге жетип, узун ичке жалбырактары бүтүндөй сабагы боюнча каптап турат. Коңгуроолуу гүлдөрү кызгылт сары түстө. Айгүл гүлү – уругунан жети жылда өнүп чыгат да, жети жылдан кийин алгачкы гүлүн ачат. Ар бир жылда бирден коңгуроо гүлү кошулуп олтурат. Канча коңгуроосу болсо, гүлгө канча жыл болгонун аныктаса болот. Адистердин айтуусунда, сабактарында 34 коңгуроосу бар гүл да кездешкен. Демек, ушунча жылдан бери ал өсүп, гүлүн ачып келатат. Айгүл гүлү сейрек кездешкендиктен, 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилип, корукка алынган. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында бул гүлдү Баткенден сырткары Ооганстандын тоолорунан кезиктирүүгө болот. Соңку мезгилдерде гүлдүн азайып бараткандыгынан улам, жергиликтүү бийлик тарабынан гүл өскөн тоонун айланасына тосмолор орнотулган. Быйыл Айгүл гүлү аба ырайынын туруксуз болгондугунан, жылдагыга салыштырмалуу 1 жума кеч ачылды.
Нур БАЛБАК
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.