Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

​Айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтомду жеткирүү бир топ кыйынчылыкты жаратып жатат

Коом
14 - Март 2019
www.erkintoo.kg
23
 Бул тууралуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын почта кызматтары жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова билдирди. Анын айтымында, тартип бузуулардын токтомдорун көпчүлүк эл алуудан да баш тартып жатышат. Бирок эреже бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айдоочу катты алгандан баш тартса да кат тапшырылган болуп эсептелинет. Айып пул 30 күндүн ичинде төлөнбөсө, ага туум жазылгандыгы тууралуу кагаз келет. Алуучулар баш тарткан шартта почта кызматкерлери маалымкат түзөт. «Айып катты алгандан баш тартты» деп жазып, тийиштүү байланыш бөлүмүнүн мөөрүн басып, анан жөнөтүшөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу