Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Ай жүр, аман жүр

Коом
16 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
323
Кечээ түндө борборубузда жол кырсыгы катталып, андан бир адам мерт кетти. Кырсык түнкү саат 00:30дар чамасында катталып, анын кесепетинен 29 жаштагы келин каза болгонун Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Шабдан баатыр проспектисинде, Ахунбаев көчөсүнөн алыс эмес жерде болгон. “Toyota Camrу” үлгүсүндөгү автоунаа 29 жаштагы аялды коюп кеткен. Ал алган жаракатынан окуя болгон жерде жан берген. Жол кырсыгына шектүү катары 23 жаштагы кыз кармалды.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.