Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Адамдын жүзүнөн таануу камералары орнотулду

Коом
12 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
53
«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашып, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бул туурасында  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында маалымдады. Маалыматка караганда, борбордо  аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан жерлерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайган. Өткөн жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган.  мындан сырткары жаракат алгандардын саны 51,8 пайызга кыскарган. Учурда  «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу жүргүзүлүп жатат.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу