Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Адамдар отурушта өзүн аяшпайт

Коом
21 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
31
Отурушта отурган адамдар тамакты көп жеп, өзүн аяганды унутат экен. Муну Бирмингем университети жетектеген британиялык жана австралиялык окумуштуулардын тобу айтып чыгышты. Алар “тамак жегендин өзгөчөлүгүнө” байланыштуу 42 эмгекке метаанализ жасап, компания же отуруш кишинин тамакты көп жегенине олуттуу таасир этерин билишти. Тактап айтканда, киши той-ашта же отурушта көпчүлүк менен чогуу отурганда жалгыз тамактанган учурга салыштырганда орточо 48% көп тамак жейт. Ал эми толук аялдар компания менен отурганда өзү жалгыз кездегиден 29% көп тамак жеген. Окумуштуулардын айтымында, мындай феномен “социалдык көмөктөшүүгө” же биздин байыркы ата-бабаларыбызга катаал шартта аман калууга жардамдашкан стратегияга байланыштуу. Тилекке каршы, бул феномен азыр кишилерди натуура тамактанууга алып барууда. Мундай көрүнүш тоокторго, келемиштерге, чычкан түспөлдүү чөл кемиргичтерине да мүнөздүү,-деп чет элдик булактарга таянып "Азаттык" жазып чыкты. 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу