Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

​“Адам жаны аманат” аттуу бир жумалык өтөт

Коом
26 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
59
Бул жумалыкты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  демилгелеп чыкты. Анда дин кызматкерлери айдоочуларга, айрыкча такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу муфтий Максатбек ажы Токтомушев 25-ноябрдагы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында өткөргөн жыйынында билдирди. Муфтий жол эрежесин сактоо, адам өмүрүнүн баалуулугу, шарияттагы айдоочунун орду жөнүндө жума хутбаларын даярдоо тапшырмасын берди.
“Кайсы гана маалымат булагын же социалдык тармактарды барактабайлы үрөй учурган жол кырсыктарын көрүүгө болот. Бул адамдын зээнин кейитет. Өлкөдөгү бардык дин кызматкерлери айдоочулар менен атайын жолугушууларды өткөрүп, аларга адамдын өмүрү кымбат экендигин, өзгөчө такси кызматын аркалагандарга түшүндүрүү иштерин байма бай жүргүзүп турууну чечтик”, – деди Максатбек ажы Токтомушев.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу