Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Абакта ачкачылык кармагандар жаңы шарттарга нааразы

Коом
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
369
Бир аптадан бери Чүй облусундагы №27, 47 жана 3-абактагы жарандар ачкачылык жарыялашууда. Негизинен аталган үч түрмөдө учурда экстремизм-терроризм боюнча соттолгон 40тай адам бар. Алар камераларда өз-өзүнчө кармоого, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга тыюу салынганына нааразы экендиктерин айтышууда. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча учурда ачкачылык кармагандардын саламаттыгы көзөмөлдө жана тиешелүү органдар, адистер сүйлөшүп, нааразы болгондордун талаптарын талдап жатат. Расмий маалымат боюнча бүгүнкү күндө 300дөн ашуун адам диний радикализм боюнча айыпталып, камакта отурушат. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмдун мүчөлөрү.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.