Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Абайла айдоочу!

Коом
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
39
Мындай кайрылуунун астында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү алыскы каттамга каттоочу таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышууда. Буга чейин кызмат жол кырсыктарын болтурбоо ниетинде Бишкек шаарынан алыскы аймактарга каттаган таксилердин айдоочулары үчүн журнал ачып, ал журналга бардык шаарга кирген жана шаардан чыгып жаткан таксилер каттап турган. Бул  профилактикалык иштер азыр да улантылууда. Авто унаалардын техникалык абалын, кышкы дөңгөлөктөрүн, жарык берүүчү каражаттарын текшерүүгө алынып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар күчөтүлүүдө. Акыркы убактарда облус жана район аралык жолдордо каттаган таксилер жол кырсыктарына учурап, бир эле кырсыкта 6,7,8 адам көз жумган учурлар катталып жатат. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү мындай кырсыктардын алдын алууну көздөп жатат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу