Курс НБ на 21.10.2018 $69,3251 €79,3703

907 адам жол кырсыгынан көз жумган

Коом
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
48
Кыргызстанда 2017-жылы автоунааны катуу ылдамдыкта айдап, жол кырсыгына кабылып 907 адам көз жумган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү  жыйынында белгилүү болду. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Акыркы 10 жылда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2 эсеге көбөйгөн. 2017-жылы 907 адам каза болгон. Катуу ылдамдыкта айдоодон улам 337 адам көз жумса, каршы тилкеге чыгуудан улам 124 адам жашоо менен коштошкон»,-деди парламент жыйынында  Ал эми алкоголдук ичимдик айынан да жол кырсыгы көп катталып, андан 58 адам каза болгон. Республикадагы жол кырсыктарынын 57,1 пайызы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдоруна туура келет. Өлкөдө 616 жол чырак объектиси бар. 2017-жылы жол эрежесин бузуудан салынган айып пул 386 миллион сомго жетти. Ал эми алкоголдук ичимдик айынан  жол кырсыгы көп катталып, андан 58 адам каза болгон”, - деди Боронов.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.