Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

80 миң үй-бүлөнү колдоого алуу боюнча келишим түзүлөт

Коом
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
513
Келишимге БУУнун азык-түлүк программасы жана Түштүк Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык уюму 4-октябрда кол коюшат. Келишимдин алкагында KOICA Улуттар уюмунун азык-түлүк программасына 4 млн доллар өлчөмүндө грант берет. Бул каражат аталган программа менен Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин төрт облуста жакыр жашаган 80 миң үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлоруна жумшалат. Келишимге эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Бёнг Ху, KOICA уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Пак Сунджин жана БУУнун азык-түлүк программасынын аймактык директору Рам Сараванамутту кол коюшмакчы.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.