Курс НБ на 26.02.2020 $69,8500 €75,8850

7 киши өрттөнгөн унаада газ баллон жарылып кетиши мүмкүн

Коом
04 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
36
Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Алтынбек Теңизбаев билдирди. Эскерте кетсек, каргаша 3-февралга караган түнү Өзгөндө  болгон. Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Автоунаада бараткан жети эркек кишилер өрттөнүп кетишкен.
Ал эми окуяга күбө болгон Өзгөн районунун жашоочусу Керим Тайыров унаа алгач оодарылып кеткенин айтып берген.
"Андан соң унаадан катуу үн чыгып, бир нерсе жарылгандай болду. Унаа аңтарылып калгандыктан эшиктеринин кармагычтары сынып, ачылбай калыптыр. Ошол себептен машина күйүп жатканда ичиндегилерди сыртка чыгара албай калдык", — деген Тайыров.
Ал эми маркумдардын айылдаштарынын айтымында, көз жумгандардын улуусу 46, кичүүсү 27 жашта болгон. Арасындагы үч жигит жакында эле үйлөнгөн. Алар 2-февраль күнү Большевик айылынан Өзгөн шаарына улакка баруу үчүн коомдук транспорт менен кетип, үйлөрүнө кайтып бара жатканда кырсыкка учурашкан.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу