Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

6-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт

Коом
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
406
Республика боюнча 6-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жамгыр нөшөрлөп жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-3 күндүз 1…6
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-4 күндүз 0…5
Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 0…5 күндүз 7…12
Ысык-Көл областында түнкүсүн -2…+3 күндүз 3…8
Нарын областында түнкүсүн -2…-7 күндүз 3…8
Бишкек шаарында 6-апрелде түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 күндүз 3…5
Нур БАЛБАК
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.