Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

40 жашында көз жумган депутат Улан Чолпонбаев бүгүн жерге берилет

Коом
13 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
15
У.Чолпонбаев бөйрөк оорусунан жабыркап, борбордогу ооруканада дарыланып жаткан. Анын каза болгону тууралуу 11-ноябрда кечинде айтылды.
Эл өкүлү Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктап, Москва шаарындагы Плеханов атындагы жогорку экономикалык курстан билим алган. «Манас» аэропортунун бажы терминалында эмгектенип, фармацевтикалык компанияны жетектеген. Ошондой эле, жарнамалык Adver Group компаниясынын жана «Табылга» саясий партиясынын негиздөөчүсү. Маркум Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарында депутат болуп шайланган жана Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун ардактуу атуулу аталган. Моңголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу да болгон.
У.Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте өтөт.
Анын артында 2 кызы калды.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу