Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

39 мамлекеттик органдын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери кыска мөөнөттүү окутуудан өтүштү

Коом
24 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
89

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө мамлекеттик органдын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин колдонуу» темасында окутуудан өтүштү.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн жана канцелярия кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Иш-чарага аткаруу бийлик тутумунун 39 мамлекеттик органынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлери катышты.

Юридикалык кызматтардын кызматкерлерин окутуунун максаты:

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик тутумунун мамлекеттик органдары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун даярдоо учурунда жол берилген системалык каталарды азайтуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун киргизүү жөндөмдөрүнө окутуу болуп саналат.

Талкуулардын жыйынтыгында мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.