Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

3 сааттын ичинде паспорт алууга болот

Коом
28 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
315
Мамлекеттик каттоо кызматы бир нече саатта документтештирүү боюнча пилоттук долбоорун жандандырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы  кабарлады. Ага ылайык Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунда жарандар паспортту 3 иш саатта ала алышат. Ал эми Чүй облусунун (Кант, Токмок шаарларында, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Москва, Аламүдүн райондорунун) тургундары ID-картты же жалпы жарандык паспортту 8 иш саатында алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Банктын кызматын, мамлекеттик салыкты, бланк үчүн төлөмдү кошпогондо ID – карт алуу (3/8 саатта) - 4455 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт (3/8 часов) 5165 сомду түзөт. ID – карттын бланкасы 99 сом, банктын кызматы 36 сом. Жалпы жарандык паспорттун бланкасы 302 сом, банк кызматы 33 сом,-делет мекеменин маалыматында.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.