Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

28-мартта көпчүлүк аймактарга жаан, тоолорго кар жаайт

Коом
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
395
28-мартта өлкө боюнча түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 күндүз 13…18
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5 күндүз 12…17
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 2…7 күндүз 15…20
Ысык-Көл областында  түнкүсүн -1…+4 күндүз 7…12
Нарын областында түнкүсүн -4…-9 күндүз 3…8
Бишкек шаарында 28-мартта түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 күндүз 16…18 градус жылуу болот.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.