Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

25 окуучу ууланды

Коом
13 - Май 2017
www.erkintoo.kg
384
Ноокен районунун Тоскоол айылында 25 окуучу сабак учурунда эс-учун жоготуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына билдирген. Бул тууралуу Ноокен райондук оорукананын башчысы Шамшидин Абдирешов  "Окуя кечээ, 12-майда болгон. Азыркы тапта ооруканада 5-класстан 10-класска чейинки 25 бала жатат. Абалдары жакшы. Алдын ала божомол боюнча, окуучулар сууга ууланышкан. Анткени алар чоргосу жок челектен кружка менен суу ичишет экен", - деп маалымат берген.
Жазгүл Кенжетаева 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.