Курс НБ на 14.08.2018 $68,9600 €78,4972

2017-жылы өлкөдө жасалган кылмыштардын 76%ынын бети ачылган

Коом
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
107
2017-жылы Кыргызстанда жалпысынан 24,7 миң кылмыш катталып , алардын 76%ынын бети ачылгандыгы 9-февралда өткөн Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгына арналган коллегиялык жыйынында маалым болду. ИИМдин басма сөз кызматы 17 миң 292 кылмыш иши сотко өткөрүлгөндүгүн, кылмыштуулук 2016-жылга салыштырмалуу 0,8%га төмөндөгөндүгүн билдирди.
Коллегиялык жыйынга премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев катышты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.