Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​1-ноябрдан тарта ооруканаларда электрондук кезек иштей баштайт

Коом
31 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
29
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин электрондук борборунун директору Бахтияр Станбеков  билдирди.  Анын айтымында, электрондук кезек аркылуу адам үйдө отуруп эле каалаган дарыгерге күнүн, убактысын белгилеп, алдын ала жазыла алат. Анүнчүн электрондук кабинетке кирип бейтап паспортто көрсөтүлгөн ПИНди жана телефон номерди терүү керек. Мындай системаны Электрондук саламаттык сактоо борбору ооруканалардагы абалды тартипке келтирүү максатында иштеп чыккан. Учурда Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында бейтапкананын кызматкерлери окутуудан өтүшүп, бул системанын иштөө тартиптерин үйрөнүп жатышат.  Бишкек шаарында  болсо төрт поликлиникага мындай система коюлган. Алар  1-ноябрдан тарта толук кандуу ишке киргизилет,-дейт Бахтияр Станбеков.  Электрондук медициналык амбулотордук карта Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана Ысык-Көлдүн үч шаарындагы ооруканаларда пилоттук негизде иштеп жатканын да адис кошумчалады. Жарандар электрондук кезекти пайдалануу үчүн  registratura.med.kg сайтына кирип, толук маалымат ала алышат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу