Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

1-марттан баштап Бишкектин жолдору оӊдоло баштайт

Коом
28 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
443
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 1-марттан баштап Кытайдан келген гранттын эсебинен  11 көчө оӊдолот. Алар:
- Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Токомбаев көчөсү 12к/р. Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин;
- Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;
- Л. Толстой көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
- Щербаков көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Бакин көчөсүнө чейин;
- Гагарин көчөсү Тагай Бий көчөсүнөн Айбийке көчөсүнө чейин, "Ак-Ордо" конушу;
- Жамгерчинов көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.