Курс НБ на 22.09.2020 $79,2643 €93,0682

1-майдан баштап биометрикалык паспорт берилет

Коом
28 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
455
Кыргызстандын жарандары биометрикалык паспортту ушул жылдын 1-майынан 31-декабрга чейин акысыз ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда билдирди.  Маалыматка ылайык, жарандар жаңы үлгүдөгү паспортту 14 күндүн ичинде ала алышат. “Биометрикалык паспорттор жаңы типтеги идентификациялык документ болуп, эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондрй эле эл аралык жарандык авиациянын талаптарына төп келет. Кыргызстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп электрондук паспортко өтүүдө”,-деди өкмөт башчы. Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биометрикалык паспортко өтүүсү - өлкөдө санарипке негизделген коомду түзүүдө мааниси чоң экенин белгиледи.  Белгилей кетчү нерсе, биометрикалык паспортто жаран тууралуу 19 маалымат камтылып, электрондук форматта болгондуктан, паспорттун жарактуу мезгилинде маалыматтар өзгөрсө да, аны алмаштырбай пайдаланууга болот.
Нур Балбак
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.