Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

​1-класстын окуучулары мектепке барышабы?

Коом
30 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
82
2020-2021-жылкы оуу жылынын башталышында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушабы же окуу онлайн форматта өтөөрү жаатындагы  маселе азырынча атайын эксперттик топтун кароосунда турат. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев билдирди. Маалыматка караганда учурда окууну онлайн түрдө жүргүзүү каралып видео сабактар тартылууда. Андан тышкары 1-4-класс, 9-класс, 11-класстын окуучуларын мектепке тартуу иштери болушу каралууда. Анткени 1-класстын окуучуларын кабыл алуу, аларды мектеп менен тааныштуруу жүрүшү маанилүү.  Экинчи варианты. Мисалы, бир класста 40 окуучу катталса, алар эки группага бөлүнүп, жумасына эки күн гана мектепте окутуу. Албетте,  гигиеналык эрежелерди так сактоо менен.  Ал эми 9-класстын окуучулары боюнча маселеде мектеп канча окуучунун окуусун улантаарын билиши керек жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди катташы зарыл. 11-класстын окуучулары,  бүтүрүүчү класс болгондуктан окуунун бир нече варианттары каралып жатат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу