Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

​1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актылар электрондоштурулду

Коом
11 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
66
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 2020-жылдын соңуна чейин 1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актыларды санарипке өткөрүп бүтүрөрүн кабарлады. Негизи бул актыларды санариптештирүү иштери 2014-жылы башталган. Иштин жыйынтыкталышына пандемия терс таасир эткен.  Мекеменин маалыматына караганда ушул аралыкта катталган өлүм-житим жөнүндөгү 320 440 актынын 305 940 санариптештирилди.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу