Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

​19-21-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт

Коом
19 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
70
19-21-ноябрда өлкөнүн аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык,
19-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 19-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы Чүйдө  -10…-15°, түндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Таласта -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2° сууктан…+3°ка чейин жылуу болот, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10° болот.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу