Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

17 жаштагы өспүрүм көмүр кенде каза тапты

Коом
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
322
9-январда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында көмүр шахтада 17 жаштагы өспүрүм кырсыктан улам  каза тапты. ӨКМнин маалыматына караганда,  аны болжол менен саат 16:15  чамасында “Белес-1” Жоопкерчилиги чектелген коомунун шахтасында өз алдынча кен казып иштеп жатканда таш кулап басып калган. Натыйжада  өспүрүм ордунда каза болгон. “Белес -1” Жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкерлери каза болгон өспүрүмдүн сөөгүн урандынын астынан чыгарышып, тез жардам кызматына тапшырып беришкен. 
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.