Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​152 миллион улан-кыз кара жумушка тартылган

Коом
18 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
78
Дүйнөдө акыркы жыйырма жыл ичинде эмгекке тартылган балдардын саны 100 миллионго азайган. Бирок, бүгүнкү күндө 5 жаштан 17 жашка чейинки 152 миллион улан-кыз ар түрдүү жумуштарда  иштөөгө аргасыз дейт Бириккен Улуттар уюму. Алардын 73 миллиону шахталарда, фермаларда  иштешсе, айрымдары өмүргө коркунуч туудурган техникалар жана уулуу түтүндөр чыккан жерлерде иштеп жан багышат. Ал эми Кыргызстанда  250 миңден ашуун жашы жете элек бала эмгекке тартылган. Бирок, иш жүзүндө кара жумушка тартылган балдардын саны мындан да көп болушу ыктымалдыгын балдар маселеси менен алек болгон адистер айтышат. Адистердин айтымында, жаш балдардын эмгекке тартылышына миграция, жумуш орундарындын жетишсиздиги, ата-энелердин сабатсыздыгы себеп.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу