Курс НБ на 19.09.2017 $68,4643 €82,0613

1,5 жаштагы кыздын денеси дааратканадан табылды

Коом
13 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
20
Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ Ленин РИИБдин кызматкерлерине Ак-Ордодо бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Апасы баласы түшкө маал үй тиричиликтери менен алаксып жаткан учурда жоголгондугун билип, кошуналарына айтып, милицияга кабар берген. Милиционерлер келип, кошуналарынан маалымат сурамжылап, айлананы карап чыгышкан. Бирок жыйынтык чыккан эмес. Кийин саат 19:30 чамасында даараткананын чуңкурун кароо учурунда баланын денеси ошол жерден табылган. Учурда аталган факты боюнча иликтөө жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу