Курс НБ на 02.07.2020 $78,7872 €89,0098

​ Күн эмнеге тутулду?

Коом
22 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
34
Өткөн аптанын ишемби күнү түндө дүйнө эли айдын тутулуусуна күбө болсо, 21-июнда күндүз күндүн тутулуусун байкай алышты. Астрологдор мындай көрүнүштүн болоорун жылдын башталышын да эле айтышкан. Кыргызстандык астролог Жанар Кадыралиев болсо, быйылкы жылы 2 жолу күн тутулуу, 4 жолу ай тутулуу болот,-деп билдирди. Демек, бизди дагы кооз астрологиялык кубулуштар күтүп турут. Анын айтымында тутулуулардын мындай көп болушу: кундун, жердин жана айдын орбиталарынын бир тегиздикте узак убакыт бою жайгашып калышынан улам байкалат.  Толук тутулуу көбүнчө Африкалык мамлекеттерде б.а. экватор кеңдиктеринде жакшы байкалат. Ал эми биздин кеңдикте толук тутулуунун болушу өтө сейрек кездешет. Жокко эсе деп айтса да болот. Ошентсе да кыргызыстандыктар Бишкектин географиялык кеңдигине жараша күндүн тутулуусуна күбө боло алышты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу