Референдумга жана шайлоолорго 5 күн калды
Жыл соңунда өлкөбүздүн саясий турмушунда орун алуучу олуттуу эки окуяны – Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө беш күн калды.
Сасык тумоо күч алды
Сасык тумоо күч алганына байланыштуу Чүй жана Жалал-Абад облустарында да мектептер жабылды.
Ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болот
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги 6-декабрдан 10-декабрга чейинки аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялап, 6-декабрда аймактарда ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болушу күтүлөт деп кабарлады.
Шайлоодо ID-card менен гана добуш берүүгө болот
Референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоого ID-card менен гана добуш берүүгө боло тургандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев билдирди.
Тамак-аштан уулануудан сактануу үчүн эмне кылуу керек?
Үй шартында консерваланган азыктардан уулангандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин төмөндөгү талаптарын аткаруу керек деп маалымат таратты.
Эл өкүлү турмушка чыкты
Эл өкүлү турмушка чыкты.
Бир айдан кийин эски уюлдук аппараттарда WhatsApp мобилдик тиркемеси иштебей калат
Жакынкы арада операциялык системасы эскирген смартфондордо WhatsApp мобилдик тиркемеси иштебей калат.
2017-жылы 2 миллиондой жаран биометрикалык паспорт алат
Кийинки жылдын 1-октябрына карата 2 миллиондон кем эмес жаранга биометрикалык паспорт берүү пландалып жаткандыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.
Шайлоо боюнча Бишкекте эреже бузуулар көп
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башка шаарларга караганда Бишкекте көбүрөөк эреже бузулуп жаткандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Кыздардын башын айлантуу кыйындайт
Казакстанда статистикалык маалыматтарга ылайык, 700 миңдей бойдок келин-кыздар жана 300 миңдей бойдок эркектер бар деп маалымдайт Total.kz.
Базарда бастырма басып калгандардын абалы жакшы
«Алакан» базарындагы кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага оор абалда түшкөн.
Дүйнө жүзүнүн калкы көбөйдү
2016-жылы жер жүзүндөгү адамдардын саны бул жылга карата 7,4 млрддан ашкан.
Бишкек жашылдандырыла баштады
Бишкекке жаңы жылга чейин 1,5 миң ийне жалбырактуу бактын түрү отургузула тургандыгын "Зеленстрой" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди.
Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы жоюлду
Ички иштер министрлигинин алдындагы Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы жоюлгандыгы тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Чылым — жүрөк ооруну 8 эсеге жогорулатат
Жаш учурунда чылым чегүү жүрөк ооруларынан каза болуу ыктымалдыгын сегиз эсеге жогорулатат.
Өрт өчүрүүчү учак сатып алууга каражат чогултулат
Кыргызстанга өрт өчүргүч тик учак (вертолет) сатып алуу үчүн элден акча чогултууга банктан атайын эсеп ачылды.
“Себат” “Сапат” болуп өзгөрөт
Өлкөдө иштеп жаткан «Себат» билим берүү мекемелери жабылбайт, алардын аталышы «Сапат» болуп өзгөртүлөт.
“Баатыр эне” ордени менен “Эне даңкы” медалын жасоого тендер жарыяланды
Президенттин иш башкармалыгы “Баатыр эне” ордени менен “Эне даңкы” медалын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Бүгүн аба-ырайы жылуу болот
Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Бишкекте 20 мектеп жабылды
Сасык тумоонун күч алып жаткандыгына байланыштуу 20 мектеп убактылуу жабылды.
Эсептөө палатасы таза мекемеге айланууда
1-декабрда Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов журналисттер үчүн галстуксуз жолугушуу уюштуруп, Эсептөө палатасынын азыркы абалы, кечээкиси, эртеңкиси тууралуу айтып берди.
Бишкектен үй алып коюп, айылда жашабагандар бар
Жаңы тартип боюнча, жаран паспортту кайсы жерден алса, ошол жерден шайлоого катышат.
Шайлоонун акыркы тизмеси такталды
Бүгүн Жогорку Кеңеште шайлоого катыша турган жарандардын такталган тизмеси боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө жооп берди.
Сасык тумоо менен ооруган балдар көп болууда
Ооругандар көп болгондугуна байланыштуу Эне жана баланы коргоо борборунда атайын жай ачылды.
Бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик 1378 бала бакча иштейт
Анда 162290 бала тарбияланат.