3 метрлик калпак тууралуу билдирүү кабыл алынды
Кыргызстанда жасалган 3 метрлик калпакты Гиннес китебине каттоо тууралуу билдирмеси кабыл алынды.
Күмүшай апа, илимпоздордун сөзүн имишке айлантар бекен...
Илипоздордун аныктамасында адамдын өмүр узактыгынын жеткен чеги 115 жашка чейин барат.
Өткөөл пункттарды өркүндөтүү ишкерлер үчүн өзгөчө мааниге ээ
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 5-октябрда өткөргөн кеңешмелердин дагы бири кыргыз-казак мамлекеттик чек араларындагы көзөмөлдөп-өткөрүү пункттарын реконструкциялап, оңдоо жумуштарына арналды.
Тартипсиз айдоочуларды тасмага тарткан аппарат ишке кирди
Бишкекте жол эрежелерин бузган айдоочуларды видео жана фотого түшүргөн мобилдик аппараттык программалык комплекс ишке кирди.
Бегайым Бегалиева “Жылдын мыкты мугалими” наамына татыды
Жылдын мыкты мугалими наамын быйыл Баткен облусунун мугалими Бегайым Бегалиева жеңип алды.
Коомдук тартип бузганы үчүн административдик айып өлчөмүн кескин көтөрүү демилгеси сунушталды
Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, коомдук тартипти бузган адамдарга карата жаза чараларын катуулатууга багытталган “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мугалимдин эмгеги баа жеткис
5-октябрда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ботаникалык бактан чай ичип кетиңиз
Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта "Бак-дарактарга конокко келдик" деп аталган шаардык күз майрамы өтөт.
ICG: Кыргыз коомчулугундагы боштукту дин ээлеп алды
Эл аралык кризистик топ (ICG) өзүнүн акыркы баяндамасында 2000-жылдан бери Кыргызстанда ислам уюмдарынын саны кеминде эки эсеге өсүп, 2 миңден ашканын белгиледи.
Кылмыш иликтөө башкармалыгынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду
Бүгүн өлкөнүн кылмыш иликтөө башкармалыгы кесиптик майрамын белгилеп жатат.
80 миң үй-бүлөнү колдоого алуу боюнча келишим түзүлөт
Келишимге БУУнун азык-түлүк программасы жана Түштүк Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык уюму 4-октябрда кол коюшат.
Алай тоо кыркаларында жер титирөө катталды
Алай тоо кыркаларында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Студент музыканы өчүр деген мугалимди сабап салган
Якутияда музыканы өчүр дегени үчүн мугалимди студент сабап салган.
Mercedes-Benz кичинекей балдарга машина чыгарды
Mercedes-Benz компаниясы кичинекей балдар үчүн Mercedes-Benz AMG GT деген автоунаа чыгарды.
Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны 50 миңге жакындады
Кант диабети адам организминдеги зат алмашуу бузулган эндокриндик оору болуп саналат.
Айкөл Аликжанова тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды
Британиянын The Daily Mail гезити хиджаБ кийген "Кыргызстан сулуусу — 2014" конкурсунун жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова тууралуу жазды.
Көчөт кыздардын да укугу бар
Бишкекте 11-октябрда кыздардын эл аралык күнү белгиленет.
300гө жакын бала кант диабети менен ооруйт
Кыргызстанда кант диабети менен ооруган балдарга жардам берилет.
Жогорку окуу жайларынын декандарынын жаш курагы боюнча чектөө алынып салынууда
Жогорку окуу жайларынын декандарынын жаш курагы боюнча чектөө алынып салынууда.
Европа биримдик билим берүү тармагына 36 млн евро гранттык каражат бөлөт
Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Билим берүү секторун реформалоого контракт» программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
668 жаран кыргыз жарандыгын алды
Өлкөдө 668 жаран Кыргызстандын жарандыгын алды.
Эл аралык Нобель сыйлыгын ыйгаруу башталды
Быйыл физика боюнча Нобелдик сыйлык материянын топологиясын изилдеген америкалык Дэвид Таулес, шотландиялык Майкл Костерлитц жана британиялык Данкан Хелданга кечээ, 4-октябрда ыйгарылды.
Орусиянын президентин Стамбулда күтүп жатышат
10-октябрда Орусиянын Президенти Владимир Путин иш сапар менен Түркияга барат.
Темир жол байланышы калыбына келтирилди
Үстүбуздөгү жылдын август айында үзүлгөн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жол байланышы калыбына келтирилди.
Ошто жоголуп кеткен эки жаштагы кыз табылды
Аял кызынын жоголгонун кечинде гана байкаган.