Февраль айында аба ырайы кандай болот?
Кыргызгидромет агенттиги февраль айында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот,-деп билдирди.
Маршрутка айдагандар иш таштай турган болсо лицензиясы алынат
Мындай сунуш менен Бишкек мэриясы Транспорт министрлигине кайрылат,-деп билдирди Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев.
Максемус, Акылыйман, Балкыял, Лелин. Кыргызстандыктар 2020-жылы балдарына койгон өзгөчө ысымдар
2020-жылдын 9 айында Кыргызстанда 114 миң 823 жаңы төрөлгөн ымыркай наристе катталган.
2020-жылы шарият боюнча 15119 нике катталган
Ал эми мыйзамдуу түрдө 2020-жылдын 1-октябрына карата 26 511 жубайлар никеге турушкан.
Алайкууга 1 метр кар жаады
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калыңдыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80 сантиметр жааган.
Бишкек шаарындагы мектептердин мугалимдери медициналык кароодон өтүшөт
Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгы билдирди.
Бала багып алам дегендер үчүн!
Кыргызстанда кароосуз калган балдарды багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөргө төлөнө турган акынын көлөмү жогорулатылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова расмий билдирди.
Студенттер окуй башташат
Өлкөбүздүн ЖОЖдорунда да кадимки тартипте окуу процесси баштала тургандыгын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Медер Рахман, ЖК төрөгасынын алдындагы миграциялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси: “Миграция - чоң көйгөй”
Бишкекте февраль айында Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн миграциялык кеңештин экинчи отуруму өтөт.
Абайла айдоочу!
Мындай кайрылуунун астында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү алыскы каттамга каттоочу таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышууда.
Бишкектеги мектептер балдарды кабыл алууга даяр
Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.
Бир суткада 92 адамдан коронавирус табылып, 1 адам каза болду
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Эми мигранттар да пенсия ала башташат
Евразия экономикалык комиссиясы 2019-жылы ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча келишим иштеп чыккан эле.
Баткен облусунда мектептер иштеп баштады
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Бардык мектептер кадимки окутуу режимине өтөбү?
Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, бардык мектептерди кадимки окутуу режимине өткөрүү каралып жатат.
Эртең менен ойгонуп эле кофе ичпеңиз!
Анткени кофени ачкарын ичкенде кандагы канттын деңгээли аябай жогорулап кетиши ыктымал.
“Тулпар” картасын колдонгондор көбөйдү
Бишкек мэриясы бир жыл мурун калаадагы автобустар менен троллейбустарга "Тулпар" электрондук билет сатуу долбоорун ишке киргизген.
Жогорку сотто «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызы каралат
Сот иши бүгүн 12-январда карала тургандыгын доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоева «Азаттыкка» билдирген.
2021-жылы Кыргызстанга саякаттагыла!
Мындай сунушту The New York Times басылмасы айтып чыкты
COVID-19 жана пневмония илдети 107 жарандан аныкталды
Бул 11-январга карата алынган маалымат.
Финпол ышка байланыштуу Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштады
КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады.
Калктын басымдуу бөлүгү коронавирус менен ооруп айыкты
Кыргызстандагы калктын басымдуу бөлүгү коронавирус менен ооруп чыккандыгын ИФА-тесттердин жыйынтыгы тастыктап жатат.
Алмазбек Бейшеналиев 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөбүздөгү балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда тарбияланган жетим жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.
Тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып 11 адам жабыркады
Окуя кечээ түштөн кийин, 14:53тө Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайында болгон.
COVID-19 пандемиясы учурунда кыргызстандыктардын 66 пайызы депрессия кабылган
Улуттук статистика комитети жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында кыргызстандыктар пандемия учурунда кооптонуу сезимдерине кабылышкан.