Колониялык саясатка каршы элдик күрөш

Үркүн – 105

Кыргыз элинин тарыхы – түрк элдеринин ичинен эң байыркылыгы менен айырмаланат. Каарман ата-бабаларыбыз биздин замандын 840-жылы Улуу Кыргыз Каганаттыгын түптөгөн. Албетте, ушундай ооматтуу учурлар менен удаалаш сырттан келген күчтүү жоолорго туруштук бере албай, чабылып-чачыраган мезгилдери да болгон. Кыргыз элинин кубанычтуу, кайгылуу замандары “Манас” эпосунда кенен чагылдырылган. Быйыл Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл тол. Ушул улуу майрамга Үркүн окуясынын 105 (1916-2021) жылдыгы дал келип калышы жөн жерден эмес. Себеби, мындай трагедиялуу кыргын болбогондо азыр кыргыз элинин саны 10 миллион адамдан эбак эле ашып кетмек.

Негизи, Үркүн – түндүк кыргыздарынын орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы  элдик күрөшү болгон. Ошол убакта кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарын аткарууга милдеттүү эле. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Колониялык саясаттын күчөшү – түпкү калктын нааразылыгын күчөткөн. Ал кезде күнөстүү кыргыз жеринин түндүгүнө Борбордук Россиядан орус, украин дыйкандары өтө көп көчүп келе баштаган.Колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерин тартып алып берген. Анткени, казак-орустар сыяктуу эле келгин дыйкандар дагы аймактагы падышачылыктын негизги таянычы болмок. Кыргыз элинин мыкты өрөөндөрдөн, кооз жерлерден ажыроосу алардын улуттук аң-сезимине терең таасир эткен. Айрыкча биринчи дүйнөлүк согуш маалында кыргыздардын абалы аябай оорлоп, элдин кыжырдануусу ырбап кеткен. Согуш жылдары эгин аз эгилгендиктен түшүм да эки эсе азайган. Малдын саны да кыскарган (Үркүн, 1916-жыл – Wikipedia).

“Учкундан жалын тутанган…”

Жалаң гана согуштук керектөөлөр үчүн Жети-Суу облусунан жыйналган мал чарба азык-түлүктөрдүн наркы 55 млн сомго жеткен. Базар баасы абдан өскөн. Алык-салыктардын, ар кандай ыгым-чыгымдардын өлчөмү көбөйгөн. Мисалы, түтүнгө салынчу салык 4 сомдон 8 сомго (ал убакта 1 сомго 4 кой келген)өскөн. Өлчөмү 1 сом 84 тыйын болгон аскер салыгы да киргизилет. Падышалык чиновниктер согушту шылтоолоп жергиликтүү калктан ат-төөлөрдү, кийим-кече, кийиз, бозүйлөрдү көп жыйнаган. Аскерге кеткен орус дыйкандарынын чарбасына кыргыздарды күчтөп иштетишкен. Бул кыргыздардын абалын ого бетер оорлоткон.

Согуш жылдарында жергиликтүү элдин жерин тартып алуу улана берген. Алсак,Чүй өрөөнүндө гана 1915-жылга карата кыргыздардан 700 миңден ашык гектар жер тартылып алынган. Ал эмиТүштүкКыргызстанда 82 миң га жерорусдыйкандарынаберилген. Нааразычылыктынкүчөшүнөорустөрөлөрүнүн, айрымкелгиндыйкандардынжергиликтүүэлдинмаданиятын, каада-салттарын, динин, тилинбасмырлоосу да түрткүболгон. 1916-жылы июндажергиликтүүэлдердисогуштук-оорукиштеринечакыруужөнүндөпадышанынЖарлыгы жарыяланган. Ансыз да кыжырыкайнаган эл падышанынкаарынан, мыктыкуралданганаскерлериненжалтанбайкүрөшкөкөтөрүлгөн.

Орто Азия, Казакстанды камтыган көтөрүлүш

1916-жылы алгач көтөрүлүш Орто Азия, Казакстандын кеңири аймагын кучагына алган. Ага 10 млн жергиликтүү калк тартылган. Элдик кыймыл июль айында адегенде толкундоолор түрүндө башталып, августта куралдуу көтөрүлүшкөөсүп жеткен да, октябрдын аягына чейин созулган. Анын башталышы 1916-жылы 4-июлда Кожент шаарында өткөн толкундоолордон улам өрт алган. Алар орус падышасынын Жарлыгына ачыктан-ачык нааразычылык билдиришкен. Көп өтпөй мындай толкундоолор бөлөк айыл-кыштактарда, калааларда да башталган.

Июль айынын орто ченинде толкундоолор Фергана өрөөнүндө кеңири кулач жайып, ага кыргыздар активдүү катышкан. Көтөрүлүш башталганда эле Анжиян уездининАлтын-Булак, Базар-Коргон болуштуктарынын калкы айрыкча чечкиндүүлүктү көрсөтүшөт. Алар падышанын Жарлыгын аткаруудан ачык эле баш тартып, тизмелерди жок кылышкан. Мындайокуяларкоңшулаш Балыкчы, Желе-Кудук, Массан, Майсарыжана башка болуштуктарда да болгон. Айрыкчакыргыздаржашагантоолууаймактардаэлдиккыймылкурчмүнөздөөткөн. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддерининкыргызкалкы да активдүүкатышкан.

Ал эми Ош уездиндекөтөрүлүшиюлдун баш ченинде эле башталып, толкундоолордунэңириси Сулайман тоонунэтегиндеөткөнжыйынболупэсептелет. Ага 10 миңдей киши катышкан. Жыйынгачогулган эл «Согушкабарбайбыз,балдарыбыздыбербейбиз!» депачык эле каршылыккөрсөтүшкөн. Колониялыкбийликжазалоочуаскердичакырып, жыйындыараңтараткан. Жыйындынайрымуюштуруучулары, демилгечилерикамаккаалынган.

МындайтолкундоолорБулакбашыболуштугунунКожо-Абад, Чакыр кыштактарындадээрликбиржумагасозулган. Ошол эле июль айындаҮч-Коргонкыштагынын эли көтөрүлгөн. Аныпадышалыкаскерлеркүчмененбаскан, үч киши өлүп, 15 киши камалган. Өзгөндөгүкөтөрүлүш да курчмүнөздөжүрүп, бирнечекүнгөсозулган. ЭлдиккыймылгаАлай, Гүлчө, Ноокат жана башка болуштуктардынкалкы да тартылган. АвгусттунбашындаТүштүкКыргызстандынкеңирибөлүгүкөтөрүлүштүнкучагында калган. Бирок, падышалык Россиянын күчтүү армиясы элдик толкундоолорду басып койгон.

Түндүк аймактагы элдик толкундоолор

Кыргыз мамлекетинин түндүгүндө алгачкы толкундоолор 1916-жылдын июль  айынын ортосунда башталып, айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон (мисалы, элдик куралдуу көтөрүлүш – Ч.А.). Көтөрүлүшкө кыргыздар, казактар, дунгандар, уйгурлар, сарт-калмактар, татарлардын өкүлдөрү, кээ бир орус, украин дыйкандары катышкан. Көтөрүлүш мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуунун деңгээлине өсүп жеткен. Июль айынынаягындаэлдиктолкундоолорЖети-Сууоблусундакулачжайган. Ал эмиавгусттакуралдуукөтөрүлүштүналоолонгонотутолук тутанган. ТүндүкКыргызстандакуралдуукөтөрүлүшкеминдиккыргыздардынкыймылымененбашталган.

АвгусттунбашындаКеминдегиШабдан баатырдынмечитиндежыйынөткөн. ЖыйындападышанынЖарлыгы, калктыноорабалы, тагдырыузаккаталкууланып, көпчүлүккалкЖарлыктыаткаруудан баш тарткан. Көзкарандыэместикүчүнкүрөшбаштоожөнүндөбүтүмчыгарылган. Күрөштөэлге баш-көзболсунүчүнэзелкикаада-салтбоюнчакалайыккабаркы бар ШабданбаатырдынуулуМөкүш хан көтөрүлгөн (мында хан – ошол чогулган элдин аскер башчысы дегенди билдирген). Көпөтпөйбөлөкаймактарда да жолбашчыларды хан көтөрүүжүргөн. Ысык-КөлдөБатыркан Ногой уулу, БорбордукТеңир-Тоодо Канат Ыбыкеуулу хан көтөрүлгөн. Кескинайырмачылыктарынакарабастан, эмгекчил эл мененаксөөктөбөлдөркыйынчылыктабиригишкен. КөпузабайкөтөрүлүшКеминденСокулуккачейинкиаймаккакулачжайган. Көтөрүлүшчүлөр Верный – Пишпекжолунээлеп, почта, телеграф байланыштүйүндөрүнталкалашкан. Элдиккыймылды тез басууүчүнпадышалыкакимдерТүндүкКыргызстанга 2 казак-орус полкун, 6 жүздүк, 30дан ашуун рота жиберген.

8-августта болсо Токмоккожакынжайгашканайылдардакөтөрүлүшбашталган. 9-августта БоомкапчыгайындаЫбрайымТөлөуулу баш болгонкыргызкошуунуЫсык-Көлгөбаратканаскерлердинжолунтоскон. 30 миңденашууногуменен 200гөжакынмылтыколжокылынган. Август айынынортосундаЫсык-Көлойдуңунда, Таласта, БорбордукТеңир-Тоодокүрөшкүчөгөн. Кочкордокөтөрүлүшчүлөр Столыпино, Белоцарскийайылдарыначабуулкоюшкан. Ал эмиЧүйдө  Токмок шаарын камоо 10 күнгөсозулган (13–22-августарда). ОшолкездеПишпекуездинде 12 болуштуктун эли көтөрүлүшкөчыкканыбелгилүү. Көлкылаасындагыкуралдуукөтөрүлүшөзгөчөкурчмүнөздөөткөн. Көтөрүлүшкөчыкканкыргыздар, казактар, уйгурларменендунгандарКаркыражарманкесинде 500дөн ашыкдүкөндүөрттөшкөн.

Ысык-Көлдөпадышалыкчиновниктерге, кулактарга кол салуу 9-августта эле башталган. КөтөрүлүшкөЫрдыккыштагынындунгандары 11-августтан тартыпактивдүүкатышкан. ОшолкүнүаларЫрдыккакележатканаскерлердинжолунтосуп, андансоң Караколгочабуулкоюшкан. Эртесикыргыздаржанадунгандаршаардыээлепалуугачечкиндүүаракетжасашкан. Ошол эле күнү 400 кишидентургандунгандаркошуунупадышалыкаскерлерге кол салып, айыгышканкармашжүргөн. 12-августтаКаракол түрмөсүндө 300дөн ашуункыргыз, дунган, уйгур козголоңчыгарышкан.

13-14-августта Челпек, Бөрүбашайылдарындагыкалмактаркүрөшкөтартылган. Бөрүбашайылыбирнечекүнкөтөрүлүштүнчордонуболуптурган. Көтөрүлүшкөбашкыр, татар элдерининөкүлдөрү, айрыморус, украиндыйкандары да катышкан. Көтөрүлүшчүлөрмененжазалоочуаскерлердинортосундагыакыркыирисалгылашуулар23-августта Караколдунжанында, 28-августта Түптөболгон. Ага 7 миңденашык киши катышкан.

Жеңилүүнүн себептери

Күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр тоо таянып, чегине баштаган. Мыктыкуралданганорусаскерлеринекаршыкармаштардааларооржоготууларгаучурашкан. Сентябрь айындакоргонуумүнөзүндөгүчаканбеттешүүлөр болот. Падышалыкаскерлердинырайымсызкысымынатуруштукбереалбасынакөзүжеткен эл жанайласыкылып, АтаЖурттанкачуугааргасызболгон. Ошентип, кеч күздөкайгылууҮркүнтрагедиясыбашталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Кытайгакачкан 45 миңтүтүнэлдинжалпы саны 160 миңадамданашып, анын 130 миңгежакыныкыргыздарболгон. Үрккөнэлдинмалынынкөбүталанып, калганы ит-кушкажемболгон.

1917-жылдын башына карата Жети-Суу облусунда 38 миң түтүн же 150 миң адам зыянга учураган. Ошентип көтөрүлүш жеңилүү менен аяктаган. Көп эл кырылып калган (Үркүндө канча адам өлгөнү боюнча ар түрдүү маалыматтар айтылып жүрөт, бул маселе боюнча окумуштуулар терең изилдөөлөрдү жүргүзүү керек – Ч.А.). Анын негизги себеби көтөрүлүштүн алдын ала жакшы даярдалбагандыгы болгон. Жеткиликтүү уюшулбай, көтөрүлүшчүлөр чачырабоого, бөлүнбөөгө аракеттенишкен. Бирок,өз ара байланыш солгун болуп, бирдиктүү жетекчилик болбогон. Көтөрүлүшкө чыккандардын согуштук даярдыгы жок, курал-жарак жетишсиз болгон. Жазалоочу падышалык аскерлер, албетте, согуштук машыгуусу жана куралдануусу жагынан артыкчылык кылган.

Көтөрүлүштүн тарыхый мааниси

Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. Түпкү калк көз каранды эместик үчүн күрөштүн тажрыйбасына ээ болгон. Кубаттуу элдик кыймыл аймактагы колониялык бийликти кыйла алсыраткан. Колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан көп улуттуу калктын ынтымагы арткан. Алар падышалыктын колониялык улут саясатына каршы күрөштө бирге болушту. Кыргыз эли Ата Журтун бошотуу үчүн, өз алдынчалык үчүн көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде “Үркүн”деген ат менен түбөлүккө сакталып калды (Эскертүү: бул материал Үркүндүн 105 жылдыгына карата интернет булактарына таянып даярдалды).

Азизбек ЧАМАШЕВ

error: Content is protected !!