Касым Тыныстанов – тил илиминин, улуттук маданияттын чолпон жылдызы

9-сентябрда Касым Тыныстановдун 120 жылдыгын өзү туулуп өскөн Чырпыкты айылында белгилөө милдетин Ысык-Көл райондук администрациясы жана Тамчы айыл өкмөтү колго алса, 10-сентябрда илимий-практикалык конференциясын К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университет уюштурду.

9-сентябрда Чырпыкты айылында тургузулган К.Тыныстановдун эстелигинин алдына Ысык-Көл облусунун жетекчилери жана жергиликтүү эл чогулуп, Президент Садыр Жапаровду күтүп алышты. Президент Касым Тыныстановдун айкелине гүл коюп, эл менен баарлашты. Арбагына куран окулган соң профессор, филология илимдеринин доктору Акеш Иманов сөз сүйлөдү.

“1957-жылы репрессиялангандар толук акталганда К.Юдахин Касым Тыныстановдун деңгээлине жеткен филолог тилчилер азыр да аз дегенин өз кулагым менен уктум. Кыргыз тил илиминин терминдеринин 80%ы Касым Тыныстановго таандык. Азыр жер-жерлердеги университеттерде, мектептерде аны эскерүү иш-чаралары өтүп жатат, бирок бул өтө эле аздык кылат. Көлдүн жээгинде анын музейин кооз кылып салып, бүт кыргыз эли көрүп, суктана тургандай деңгээлге жеткирип, анын кадырын урматташыбыз керек”, — деди ал.

Андан соң иш-чара анын ысымын алып жүргөн мектебинде уланды. Келген меймандар эски мектептеги Касым Тыныстановдун музейин жана маңдайында жаңы салынган мектепти көрүп чыгышты. Жаңы мектептин алдында Тыныстановго арналган көргөзмө уюштурулган. Ушул айылдан чыккан композитор, К.Тыныстановдун урпагы Камчыбек Букалаевдин Касым Тыныстановдун эки ырына чыгарган обондуу ырларын мектеп окуучулары аткарышты.  

Түштөн кийин илимий-практикалык конференция Чолпон-Атадагы Президенттик резиденцияда уланды. Аны Ысык-Көл райондук мамлекеттик адмниистрациясынын башчысы Калыбек Жумадылов ачып, Касым Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгына токтолду. Андан соң КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалады. КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы, УИАсынын академиги Сыртпай Мусаев Касым Тыныстановдун араб арибинен латын тамгасына, андан орус кириллицасына өткөрүү демилгесин жогору баалай турганын, бул азыр да тилчилер үчүн даяр долбоор экенин айтты.

 “1926-жылы Бакуда өткөн түркологдордун 1-съездине Кыргызстандын атынан Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Ишеналы Арабаев, дагы үч музыкант катышып, Тыныстанов доклад окуган. Съездге Германия, Түркия өлкөлөрүнөн бери жалпы жонунан 117 делегат катышып, 24 кишиден турган президиум шайланган. Президиумда түркология боюнча дүйнөгө таанылган окумуштуулар, академиктер отурган, алардын катарында отуруу үчүн 25 жаштагы Касым Тыныстанов мүчө болуп шайланган. Ал президиумга казактан, өзбектен эч ким отурбай, Орто Азиядан жалгыз Касым Тыныстанов отурган. Жалпысынан 8 маселе каралса, анын 3 комиссиясына Тыныстанов мүчө болуп шайланган, ага тил маселесин тескей алган адам катары баа беришкен. Съезд 5-мартка чейин уланса, 4-марттагы бир күндүк сессияны Тыныстанов башкарып, кыргыз тилинин алфавити жөнүндө сөз сүйлөгөн. Ошол съезд болоор алдында Касым Тыныстановдун жасай турган докладынын тезистерин уюштуруу комитети бюллетенге чыгарган. Ал съездде алфавити жок элдерге алфавит түзүү маселеси каралган. Латын алфавитине өтүү маселеси жаңыдан каралып жаткан, Касым Тыныстанов болсо 1924-жылдын аягынан баштап эле европалык алфавитке өтүү маселесин съезд болгонго чейин көтөргөн. Съездде сөз сүйлөп, “биз латын графикасына өтүү маселесин биротоло чечип койдук, бирок кандай кылып өтөөрүбүздү сиздер менен сүйлөшөбүз” деген. Ошол съездде латын графикасына өтүү жөнүндө маселени алгачкылардан болуп Тыныстанов койгон”, — деген Сыртпай Мусаев ошол съезддин жүрүшү кинолентага түшүп, сакталып келатканын айтып, аны жалпы отургандарга көрсөттү. Кинолентадан окумуштуу Касым Тыныстановдун жүргөнүн көрүүгө болот.

Андан соң КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев сөз сүйлөп, Касым Тыныстанов кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү катары бир эле кыргыз эли эмес, бүтүндөй түркология илиминде дагы изилдениши керектигин, ошондуктан түрк тилдүү мамлекеттерде Касым Тыныстановдун орду, илимдеги эмгеги боюнча эл аралык конференция уюштурула тургандыгын айтты.

“Касым Тыныстановдун кыргыз тил илимине негиз салуудагы эмгеги өзгөчө. Агартуучу, биринчи профессор агабыздын маданиятта, журналистикада да чоң орду бар. Журналистиканын башаты дагы К.Тынстановго байланыштуу. Биринчи төл башы “Эркин Тоо” гезитибизди алгачкы санынан чыгарып, башкы редактор болгон. Жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинин да биринчи башкы редактору, “Жаңы маданият жолунда” журналын да чыгарып, жаңы маданиятыбыздын демилгечиси болгон. Ал жазма адабиятыбыздын баштоочусу экендиги да талашсыз. Прозада, поэзияда, драматургияда, илимде алгачкы эмгегин жаратып, улуттук маданият, адабият жана илимде залкар инсан болуп калгандыгы талашсыз. Өз муунунан суурулуп чыккан, артынан олуядай чоң из калтырган өзгөчө инсан баркталууга, даңкталууга тийиш”, — деди министр.

Касым Тыныстанов биротоло акталып, элге угузула баштаган 1988-жылдан кийин өз айылы Чырпыктыда музейи уюштурулуп, мектептин алдына эстелиги тургузулат. 1991-жылы аны актоо, чыгармаларын калыбына келтирүү, ысымын түбөлүккө калтыруу сыяктуу иштерди жүргүзүү үчүн ошол кезде мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов дайындалып, Касым Тыныстановдун 90 жылдыгы белгиленет. Ал анда легендарлуу парламенттин төрагасы эле. Окумуштуунун 120 жылдык эскерүү иш-чарасына да Медеткан Шеримкулов барып, айылындагы музейди, жаңы мектепти көрүп, илимий-конференцияда сөз сүйлөдү.

“1957-жылы декабрь айында СССРдин Жогорку сотунун аскердик коллегиясы К.Тыныстановду толук актайт. 1958-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Борбордук комитетинин бюросу Тыныстановду партиялык жактан актайт. Бирок, 1958-жылы жана 1964-жылы май айында анын Коммунисттик партиядан чыгарылганы туура болгон деген чечим кайрадан чыгып, Шверниктин колу коюлуп, ал 1988-жылга чейин эч жакка чыкпай жаткан. Ошол документ архивге да түшкөн эмес.  Усубалиев да, Масалиев да Касым Тыныстановдун чыгармаларын окушуп, анда улуттук буржуазиялык элементтер бар дешкен. Ал кезде мен  пропаганда, агитация бөлүмүнүн башчысы катары анын чыгармаларын азаттыкка чыгарууга колдоо керек болуп, Москвадагы Горький атындагы адабият институтунан Зоя Кедринаны баш кылып чакырып, чыгармаларын окуттум. Ал окуп чыгып, “ырлары жакшы, ал тургай аннотациясы, сын пикирлери менен окурмандарга жеткириш керек”, — деди. Мен комиссия түзүп, Чыңгыз Айтматов баш болгон акын-жазуучулар, тарыхчылар менен комиссияда иштеп, 1988-жылдын 29-мартында акыркы жолу Борбордук комитеттин бюросу Тыныстановду толугу менен реабилитация кылды. Мен бир нерсеге таң калам. Кайра куруу, ачык-айкындуулук жолуна баратканда дагы “антологияга заманисттерди кошсок болобу, Тыныстановдун атын айтсак болобу?”- деп 1985-жылдан 1988-жылдын аягына чейин сурап келишкен. Бирок, атын айтуудан коркушкан. Академик Асылбек Алтымышбаев баш болгон залкар окумуштуулар БКга кайрылып, Тыныстановдун атын кичине эле атап коелу деп суранып келишкен. Мына, Тыныстановдун тагдыры! 1991-жылдын 4-июлунда анда мен парламенттин төрагасы болуп калгам, парламенттин президиумунун чечимин чыгарып, Касым Тыныстановдун 90 жылдыгын кеңири белгилөө боюнча комиссия түзүп, ага өзүмдү төрага катары жазып, республикада 90 жылдык юбилейин биринчи жолу өткөргөнбүз. Ошондо анын кыргыз маданиятына, адабиятына, тилине киргизген эмгегинин бардыгын ордуна койгонбуз. Анын ысымын Ысык-Көлдөгү мамлекеттик университетке койгонго бердик. Муну татыктуу чечим деп эсептейм”, — деди Медеткан Шеримкулов.

КР УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору Осмонакун Ибраимов мындай деди: “Кыргыздын илими менен билимине жол чапкан кайталангыс инсан Касым Тыныстанов менин сүйүктүү каарманым. Бул кишиде укмуштуудай сапаттар жана трагедиялуу тагдыр бар. Ал  жөнүндө көп изилдеп, көп жаздым. Тыныстанов “Интернационалды” кыргыз тилине которгон. Ал кезде бул ыр гимн катары ырдалчу. Ошол кездеги Франция, Англия окумуштуулары сыяктуу Тыныстанов да универсал болгон: жазуучу, котормочу, акын, саясий ишмер, манастаануучу ж.б. К.Тыныстановду эскерүү кечесин өзү туулган жерде эле эмес, эң чоң ОшМуда дагы өткөрүп, Ош шаарынын, Баткендин бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу керек. Анткени, Тыныстанов бизди сабаттуу кылган, этиш, баяндооч, тактооч, бышыктооч, жөндөмөлөрдү тапкан. Ал кыргыздын Ломоносову. Жазган ырларында жаштарды билимге үндөп, ойготууга аракеттенген”.

Касым Тыныстанов атындагы фонддун төрагасы Азат Жаныбеков “Академиялык борборду уюштуруп, кийин анын ишин толук моюндаган, илимий комиссиянын башчысы болуп, анын ишин уюштуруп, аткаруу ага жүктөлгөн деп турат. Ушундан улам Улуттук илимдер академиясына Касым Тыныстановдун ысымын ыйгаруу туура чечим болот”, — деген сунушун айтты.

Илимий-практикалык конференцияга Казакстандын Абай университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлбану Косымова, Түркиянын Хажи Бекташ Вели маданий борборунун төрагасы Мустафа Озживан онлайн катышып, сөз сүйлөштү. Конференциянын аягында көптөгөн сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынды.

Касым Тыныстановдун туулган күнү 10-сентябрда Чырпыкты айылында, көлдүн жээгинде маараке-той болуп, ага Ысык-Көл облусунун жетекчилери, ар бир айылдан келген делегаттар, Бишкектен барган коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар катышты. Эки күндүк иш-чара ийгиликтүү жана маңыздуу аяктады.

Сымбат Максутова

error: Content is protected !!