Каракол дарыясынын жээгинен жоголгон казакстандык Варвара Конопасевичтин сөөгү табылды

Жарым айдан бери табылбай дайынсыз болуп жаткан Казакстандын жараны Варвара Конопасевичтин сөөгү Каракол дарыясынын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1 августта Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Табылган адамдын жансыз денеси 1992-ж.т. К.В. аттуу аял экендиги аныкталган.

Эскерте кетсек 15 июль күнү Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району. Ала-Көл жайлоосунда Орусия Федерациясынан келген 5 турист-бир үй бүлө (1970-ж.т. К.А. эркек киши, 1969-ж.т. К.Г. аял, 2010-ж.т. К.М. жаш бала — баардыгы Орусия Федерациясынын жарандары жана 1992-ж.т. К.В. жана 1996-ж.т. К.Л. аялдар — Казакстан Республикасынын жарандары) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-ж.т. К.В. аттуу аял дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн (акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон). 16-июлунан 21-июлуна чейин куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.Бүгүн Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Табылган адамдын жансыз денеси 1992-ж.т. К.В. аттуу аял экендиги аныкталган.

error: Content is protected !!