Израиль 80 миң вакцина дозасын жок кылат

Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы 12 -каналга шилтеме берүү менен билдирди.
Белгиленгендей, вакцина дозалары мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жок кылынат. Азырынча кайсы вакцинанын түрү боюнча сөз болуп жатканы тууралуу так маалымат жок.
Эскерте кетсек, Израилде массалык эмдөөнүн алкагында калктын 57%ы эмделсе, карылар арасында бул көрсөткүч 90%га жеткен. Бирок, акыркы убакытта өлкөдө коронавирустун «дельта» штаммы аныкталгандан бери, кайрадан оорунун көбөйүшү байкалууда.
Израилде пандемия башталгандан бери 876 миң учур катталып, каза болгондордун саны 6,5 миңге жеткен.

error: Content is protected !!