Искендербек Айдаралиев: «Президенттин жаштарды бийликке тартуу саясаты туура…»

«BiO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев:“Таза азыктар, руханий байлык – кыргыздын нукура жашоосу”

Августтун аягында Талас облусунун Талды-Булак жана Көпүрө-Базар деген органикалык аймактарында эки күндүк иш-чара болуп өттү. Ага чакырылган Президенттин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова,райондук администрация башчысы НургазыНармырзаев,жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жер-жерлерден чакырылган айыл чарба адистери, фермерлер жана журналисттер органикалык аймактагы ар бир үйдүн чарбагындагы жүрүп жаткан көңүл жубатарлык иштерге күбөболуп кайтышты.

Кыргыз Республикасындагы «BiO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясы органикалык аймак моделинде биокөптүрдүүлүктү сактоого, өнүктүрүүгө, органикалык продукцияны таанууга жана азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө активдуу катышкандыгы менен белгилүү. Максаты – органикалык аймакта органикалык айыл чарбасын өнүктүрүп, жашоочуларын таза тамак-аш менен ден-соолугун чыңдоо жана жаратылышты коргоо.Ошондой эле азыркы учурда адамдардын жаратылышка болгон көз карашын, мамилесин өзгөртүп, аң-сезими менен жан-дүйнөсүндө бурулуш жасоо. Унутулуп бараткан улуттук каада-салттарыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз менен жашоо кечирүү бүгүнкү күндүн негизги талабы деп белгиледи «BiO-KG» Органикалык КыймылФедерациясынын директору Искендербек Айдаралиев. Ал органикалык аймактын моделиндеги чакан компоненттердин элге жана мамлекетке тийгизген жардамы чоң экендигин, аларды бир-эки айыл өкмөтүндө эле эмес, республика боюнча жайылтуу керектиги тууралуу сөз кылып берди.

Европа, батыш өлкөлөрүндөй боло албадык, себеби

Талас облусунда биздин Талды-Булак жана Көпүрө-Базар деген эки органикалык аймагыбызда иштердин жүрүп жатканына 7-8 жыл болду. Аймактардын базасында органикалык аймак модели түзүлгөн. Анын бир нече компоненттери бар. Органикалык айыл чарбасын жүргүзүү менен бирге биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан каада-салттарыбызды, үй-бүлөлүк жана руханий баалуулуктарыбызды, маданиятыбызды, жаратылышка болгон мамилебизди ж.б., баарын органикалык аймак моделине киргизгенбиз. Аймактын тургундары органикалык таза тамак-аш менен эле азыктанбастан, жан-дүйнөсүн да руханий жактан тазартуу бүгүнкү күндө аба менен суудай керек. Себеби, эгемендүүлүктү алгандын алгачкы жылдарынд аөлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн мамлекет башында тургандар Америка, Европ аөлкөлөрүнүн өнүгүү жолундагы реалдуу процесстердин үлгүлөрүн киргизишкен. Тилекке каршы, алардын бири да биздин каныбызга сиңген жок. Менталитетибиз башка болгондуктан, ал нерселерди кабыл ала алган жокпуз. Ошентсе да, аларды туурагыбыз келип, өз каада-салттарыбыздан, өзгөчөлүктөрүбүздөн күн өткөн сайын алыстай баштадык. Пейил бузулду. Мына ошол бузулган пейилди, ички дүйнөнүн ачкалыгын руханий жактан толтуруу, салт-санаа, каада-салттарыбызды кайрадан калыптандыруу максатында органикалык аймактарда иштерди жүргүзүп келебиз.

Руханий баалуулуктарыбыз менен жаштарды тарбиялашыбыз керек

Мындан 4 жыл мурда Талды-Булак органикалык аймагында чогулган эл арасынан аксакалдардын ичинен өзгөчө бир апанын “Ширге Жыяр”деген жакшы жөрөлгө тууралуу айтып бергени эсибизде. Анын маани-маңызына барган эл абдан кызыгып, улам сурап жатышты.

Күз мезгилинде кыргыздар жайлоодон түшкөндө чогулуп, жайыл дасторкон үстүндө бала-бакыранын, мал-жандын амандыгын сурашып, шүгүрчүлүк келтиришкен. Сабаанын түбүндө калган кымызды жакшы тилек менен ооз тийишип, кийинки жылдагы жайлоо жөнүндө сөз кылышкан.  Унутулуп калган мына ушул жакшы жөрөлгөнү органикалык аймакта жандандырууну колго алдык. Жаш муундарга да ушул багытта тарбия берүүнү бала бакчадан тартып, мектеп программасына киргизүүнү сунуш катары айтышкан. Биз экологиялык класстарды түзүү боюнча буга чейин эле мектептер менен иштешип келе жатканбыз. Окуучуларга биздин баалуулуктарыбыз, органика, таза тамак-аш деген эмне, модел деген түшүнүктөр боюнча балдарды окутуп, дилбаяндарды жаздыруу керек. Ошондой эле айылдагы Чоң-Кошой, Кичи-Кошой, Бакай-Таш, Сырдыбайдын-Ташы ж.б., жер, суунун, сайлардын аталыштары эмне себептен мындайча аталып калганы тууралуу тарбиялык мааниси бар маалыматтарды биле жүрүшсө ашыкча болбос эле.

Жаш муун кыргыздын тарыхын, ата-бабаларынын ким экендигин, маданиятыбызды, каада-салттарыбызды, жаратылышка кандай мамиле жасоо керектигин билбесе, анда мындан ары биз ким болобуз? Эгерде биз аларга айтпасак, биз ушундай иштерди жасабасак келечек бизди кечирбейт. Биздин негизги максатыбыз ушул моделди иш жүзүнө ашыруу болуп саналат.

Эл колдогон иштер тез жайылат

Эки күн органикалык аймакта болуп, тоонун башында жүрсөк да, баары колубуздан келет деген терең ишеним менен көңүлүбүз көтөрүлүп, жакшы маанайда кайттык. Иш-чарада аймактын жашоочуларынын өз күчү менен даярдалган улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болгон көркөм кол өнөрчүлүктүн буюм-тайымдарын, ошондой эле машина менен жасалган ала кийиздерди, боз үйдүн туурдуктарын жана органикалык айыл чарба продукцияларын көрүп, жакшы саамалыктар эл колуна алынганына күбө болдук. Үй-бүлөлүк кирешени көбөйтүп, жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигин эл азыр жакшы түшүнүп калды. Тоо жергесиндеги органикалык аймактын жашоочуларынынүлүш жерлеринен сырткары эшигинин астындагы 20-30 сотыхбакчаларында мурда анча-мынча эгилген картөшкөлөрү болбосо, негизиненбош эле жатчу. Ошол жерлерди эффективдүү жана кирешелүү иштетүүнүн, эң негизгиси ден соолукка пайдалуу продукцияны өндүрүп, аны кантип, кайсыл жакка сатса болот деген маселелердин тегерегинде талдоо жүргүзгөнбүз. Азыркы учурда туура тамактануу болбогондуктан, оорулардын баары жашарган. Жаш энелердин, балдардын ден соолугу абдан начар. Ошондуктан, жергиликтүү элдин ден соолугуна пайдасы көп жашылча-жемиштерди өстүрүүнү пландаганбыз. Ал жерде бул өсүмдүктөр абдан жакшы кабыл алынды. Аларды өстүрөѳрдөн мурда фермерлерди окуттук. Өстүрүү технологиясын, сугаруу, химикаттарды колдонбоо, анын ордуна органикалык заттарды (чириндилерди, зыянкечтерге каршы кайнатма-ачытмаларды) пайдалануу, жерге кандай мамиле кылуу керектигин үйрөттүк.

Бош жерлер гулзарга айланды

Бакчаларга жалбыз, календула, валериан тамырын, ромашка сыяктуу дары чөптөрдү өстүрдүк. Күзүндө сатыкка чыгардык эле, элде абдан кызыгуу пайда болду. Мындан сырткары биоартүрдүүлүктү киргизип, сабиз, кызылча, сарымсак, помидор, бадыраң, капустанын түрүн, жашыл бурчак,укроп сыяктуу тоо жергесинде өспөйт деген жашылча-жемиштердин түрүн өстүрдүк. Бүгүнкү күндөкадимкидей  түшүмүн берүүдө. Элде “биздин айылда баарын өстүрсө болот” деген чоң ишеним пайда болду.

Эки жылдын ичинде тоо койнунда кулпуруп өскөн  жер-жемиштердин бакчасыТаласменен Нарын жергесинде пайда болду.Биз буларды туруктуу өнүгүүгө багыттап жатабыз. Көчөттөрүн өстүрүү үчүн парниктерди жасап бердик. Тамчылатып сугаруу технологиясын киргизип, сугаруучу, культивациялоочу жана картөшкөнү казган жабдууларын алып бердик.  Эгерде ар бир аймакта 20-30 сотых жерлерди ушинтип, 70-80%га эффективдүү иштетип кете ала турган болсок, бул чоң жетишкендик деп айтар элем. Үйдө олтурган кыз-келиндер үй-бүлөсүнүн маңдайында олтурупкиреше тапкандарынабир кубанса, бир чети ден соолук үчүн нукура, таза тамак-аш менен камсыз болуп жатканына ыраазы болгондорун жашырган жок.

Ысык-Көлдөн, Нарындан, Чүйдөн барган фермерлерге, журналисттерге ар бир органикалык аймактан төрттөн фермердин бакчаларын көрсөтүштү. Баары таң калышты. Мисалы, биринчи жөөккө сабизди айдаса, кийинкисине сарымсакты, анан помидорду эгишкен. Бул аралаштырып эгүү ыкмасыжашылча-жемиштерди ар кандай оорулардан жана курт-кумурскалардан сактайт. Өз бакчасында өстүрүлгөн ар түрдүү жер-жемиштерден кышкыга да консервация даярдап алышууда. Мына ошентип,  кичинекей чарбактан башталган иштерибиздин акыбети кайтып олтурат. Эл тарабынан колдоого алынган иштер тез эле жайылат.

Мындан сырткары парниктерди жасап помидор, бадыраңдын көчөттөрүн сээп, элге тараттык. Мындан сырткары ар бир аймакта питомниктерди жасап, кожогат, карагат, чычырканактардын көчөттөрүн олтургуздук. Эми аларды кантип көбөйтүү жолдорун үйрөтөбүз. Андан кийин мээнет кылган дыйкандар көчөттөрдү сатыкка чыгарышат. Коомдук бирикме түзүп, органикалык фермерлерге кызмат көрсөтөбүз. Ал жерде окутуп-үйрөтүүчү, тренерлерди даярдоочу жана кеңеш бере турган борбор түзүлөт. 

Адамдардын пейилине жараша табият жооп кылууда

«20 жыл мурда биздин жаратылышыбыз кандай эле? Азыр кандай абалга жетти?» деген маселенин тегерегинде изилдөө жүргүзүп, атлас иштеп чыгууну карап жатабыз. Мунун себептери айтпаса да түшүнүктүү.  Жаратылышка, жан-жаныбарларга болгон мамилени, пейилди оңдобосок, күндүн катуу ысышы, суу ташкындары, токойлордун өрттөнүшү, жер титирөө ж.б. сыяктуу табигый кырсыктардын баары жаратылыштын балансынын бузулгандыгынан болуп жатат. Азыр адам баласы жаратылыштын коргоочусу эмес, эң биринчи душманы болуп калды.

Эл аралык сыйлыктардын ээси болдук

Быйылкы жыл биз үчүн жемиштүү жылдардан болуп, эки эл аралык сыйлыктын ээси болдук. Биринчиси Азия чөлкөмүндөгүмамлекеттер арасында органикалык кыймылды колдоочулардын Эл аралык  Федерациясы болгон IFOAM Азия уюмунун «Ардактуу органик» дегенноминациясын жеңип алдык. Бул уюмдун башкы кеңсеси Корея мамлекетиндежайгашып, ПрезидентиКытаймамлекетининжараны. Булсынакка Азия чѳлкѳмүнѳн22 мамлекеттенбизгеокшогонуюмдаркатышты. Сынактынталабыбоюнчаорганикалыкаймактынмоделинсунуштаганбыз. Биздинорганикалыкаймактыуюштуруубагытындагыаткарыпжаткаништерибизсынактажогорубааланып, жеңишкежеттик. Биржарым ай мурдасыйлыгыбызды онлайн форматындатапшырышты.

Экинчичоңсыйлыгыбыз да, эл аралыксыйлык. БириккенУлуттарУюмунуналдындаазык-түлүккоопсуздугужанаэкологиянысактообоюнчауюштурулган «Экватор» сыйлыгыболду.  Ага катышууүчүн 126 мамлекеттен 600дон ашык заявка түшкөн. Багытбоюнчажасалыпжаткаништердикөргөзүшкөн. Сынактын 10 номинациясы болду. Ошондой көп мамлекеттин ичинен иргелип олтуруп, биз да жеңишке жеттик.Сыйлык5-октябрда тапшырылат. 126 мамлекеттин арасында Кыргыз Республикасынын желеги желбиреп турду. Бул дагы болсо органикалык фермерлердин, биздин кыймылдын жасап жаткан иштеринин акыбети кайтып жатканынан кабар берет. Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдык майрамына карата булалган сыйлыктарыбыз биз үчүн чоң сыймык болду.

 Республиканы толугу менен органикалык айыл чарбасына өткөрүү мамлекеттин иши

– Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен 2017-жылдан 2022-жылга чейинки Концепцияны иштеп чыгып, ага органикалык аймак моделин жана аны жайылтуу боюнча иштерди киргизгенбиз. 2019-жылы органикалык айыл чарбасы мыйзамдаштырылган. Эми программа иштелип чыгыш керек. Аны иштөө тобуна да киргенбиз. Былтыраткаруу бийлиги тарабынан7 аймакты органикалык аймакка киргизиш керек деген маселе коюлган. Органикалык аймактарды түзүү боюнча департамент азыр иштерди жүргүзүп жатат. Бирок, алардын түзгөн аймактары менен биз түзгөн аймактардын келишпеген жактары бар. Ошондуктан, биз кеңешип, бардык аймактардын түзүлүшүн бирдей стандартка келтиришибиз керек. Мамлекеттик Концепцияга кирген органикалык аймак жайылтылышы керек. Бирок, республиканын бардык аймагын органика кылуу мүмкүн эмес. Анткени, биздин көптөгөн жер аянттарыбызда уулуу заттар калып калган. 3 жыл химиялык заттарды колдонбосо, органика болот деп түшүнүшөт. Бул туура эмес.Алгач канча пайызын өткөргөнгө болот, же болбойт деп изилдеп чыгышыбыз керек. Кыргыз Республикасынын 70% аймагын органикага өткөрүп алсак, абдан чоң иш жасаган болоор элек. Бул үчүн абдан чоң суммадагы акча каражаты талап кылынат. Мамлекет жасай турган иш. Органикалык айыл чарбасын негизги артыкчылыктуу багыт катары коюп, картирование, изилдөө иштери жолго коюлса, имиджибиз көтөрүлүп, бизге дүйнө эли суктанмак.

Аткаруу бийлигинин бизге моралдык жактан гана колдоосу керек

Биз Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Президенттин  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Меморандумга кол койгонбуз. Өзүбүздүн багытыбызды, эмне иш менен алектенерибизди айтып, ынандырып келебиз. Тилекке каршы, Министрлер Кабинетинин төрагасы, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларынын тез-тез алмашып турушу биздин ишибизге ар тараптан залакасын тийгизет. Түшүнүп, көзү жетип жаңыдан иштешип баштаганда алмашып кетет.

Жылда биз көргөзмө-жарманкелерди өткөрүп келебиз. Ага аталган министрликтен келип катышышат. БизМинистрлер Кабинетинен каражат жагынан жардам сурабайбыз. Бизге болгону моралдык жактан колдоо болсо дейбиз. Биз өткөргөн иш-чараларга келип, программаларын, каалоо-тилектерин айтып койсо жетиштүү.Бизге азыр бир гана өлкөнүн тынчтыгы керек.Мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактап, башка мамлекеттер менен дипломатиялык алакаларды түзүп, анан биздикиндей жакшы саамалыктарды колдосо деген тилегим бар. 

Өкмөттүк эмес уюмдар агент эмес, алар кайрымдуулук иштерин жасашат

– Бизге окшогон өкмөттүк эмес уюмдар саясат менен алектенбейт, иши да жок. Ар биринин экономикалык багыттары бар. Мамлекет бул уюмдарга жагымдуу шарттарды түзүп берип,пайдаланыш керек. Министрлер Кабинети аларды өнөктөш катары кабыл алып, чогууиш алып барса тоодой иштер бүтмөк. Азыр бизде тескерисинче, «өкмөттүк эмес уюмдардын баарын текшериш керек, алар салыктын астында отчёт бериши керек» дегени туура эмес. Чындыгын айтканда, өкмөттүк эмес уюмдар жеке фирмалардай эле кайрымдуулук иштерин жүргүзүшөт. Мисалы, биз улуттук каада-салттарыбызды, руханий баалуулуктарыбызды жандандыралы, чарба жүргүзүүнү окутуп-үйрѳтѳлү деп жүргөн иштерибизге кайрымдуулук ирээтинде каржылап беришет. Эгерде республика боюнча 30 миңдей ОЭУларда бештен киши иштегенде да, 150 миңден ашык киши жумуш менен камсыз болуп жатат. Эгерде мамлекеттин акчасы болсо бир жөн, анда текшеришсин. Эл үчүн керектүү идеяларды көтөрүп, иш жүзүнө ашыруу үчүн каржылап жаткандарды Эсептѳѳ палатасы келип текшерсе, дүйнө жүзүнө ого бетер атагыбыз чыгат. Аларды текшерип, салык төлөтсө, бир дагы донор мындан кийин Кыргыз Республикасына келбейт. Мен түшүнөм,  салык менен киреше толот. Бирок, мындай жол менен эмес да. Бул абдан кыска ойлуулук. Бүгүнкү күн менен жашабай, эртеңкибизди ойлосок.

Иштейм деген жаштар ак ниеттүү жана чынчыл болушу зарыл

ПрезидентибизСадырЖапаровгожаңыкадамдардыжасашкерекболупжатат. Эски система мененэчкачанөнүгөалбайбыз. Жаштардыбийликкетартуусаясатытуура. Бирок, алардынпатриоттуулуксезимикүчтүү, акниетжаштарданболуусукерек. Себеби, азыр көпчүлүкжаштарыбызфинполиция, салык, бажысыяктуукадыр-барктууоргандарга гана барып иштөөнүкаалабаса,анча-мынчаайлыгы бармамлекеттик мекемелергеиштегисикелбейт.Эгерде, максатыбирганаакчатабууболсо, андайжаштардыкызматкаалыпкелүүнүнкерегижок. Мисалы, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине айлык-акынын аздыгынан эч кимдин келгиси келбейт. Министрликтердин ичинен азык-түлүк коопсуздугун чече турган эң маанилүү мекемеакыркы орундарда турат. Курсак ач болсо, алтыныңдын эмне кереги бар? Аталган мекемени артыкчылыктуу министрлик катары астыга коюп, кадыр-баркын, имджин көтөрүп, кесипкөй адистерди тартканыбызда гана өлкөнүн айыл чарбасы өнүгөт.

Сатып-өткөрүү иштерин кооперативдер жүргүзүшу керек

Органикалык фермерлердин саны улам көбөйүүдө. Аларды окутуп-үйрөтүү иштери жолго коюлган. Биздеөндүрүлгөн продукцияны кайда алып барып сатабыз деген  бир гана маселе бар. Дүйнөлүк практикада органикалык продукциялардын баасы 20-30%га жогору болот. Мына ушул жерден биз мамлекеттин жардамына муктажбыз. Азыр тендер маселеси деген бар. Органикалык аймактан өндүрүлгөн продукцияны тендер аркылуу алууүчүн органикалык сертификаттыкритерий катары киргизсе, тендерден утуп алганга мүмкүнчүлүк болмок. Ал эми тендердин талабы боюнча баасы арзан болушу керек. Көбүнчө Кытайдан, Казакстандан, Белорусиядан келген баасы арзан продукциялар өтөт. Биз мамлекеттин анча-мынча акча каражаты менен өзүбүздүн айыл чарбасын эмес, башка мамлекеттердин экономикасын көтөрүп жатабыз. Ошондуктан, тендер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

Мындан тышкарыфермерлердин өндүргөн товарын сатып өткөрө турган кооперативдер түзүлүш керек. Эгерде кооперативдер бир идеянын тегерегинде түзүлбөсө, анда алар кооператив боло албайт. Биз түзгөн органикалык аймак деген коомдук бирикме келечекте кооператив болот. Кыскасы, өндүрүлгөн продукцияны өткөрүүдө кооперативдердин ролу зор.

Калктын 65%ы айылдарда турушат. Эгерде дыйкан-фермерлерди колдоп, айыл чарбасын өнүктүрсөк, дыйкандар бутуна турса, мамлекетке да түйшүк азыраак болот.

Этнотуризм да өнүгүүдө

Этнотуризм, агротуризм багыттары органикалык аймактагы негизги компоненттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө чет элден келген туристтерди тосо турганбардык шарттары менен жасалган конок тосуучу үйлөрүбүз бар. Органикалык даамдуу тамак-аштарыбыз менен эң мыкты кызмат көрсөткөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 4 жыл мурда Америка, Африка, Түштүк Америка, Индия сыяктуу 14 мамлекеттен келген 86 туристти кабыл алып, конок үйлөрүбүзгө жайгаштырганбыз. Кыргыз Республикасын эч өнүкпөгөн, артта калган өлкө катары элестетип келген чет өлкөлүктөр “булар бизден да мыкты экен” деп тоолорго, сууларыбызга суктанышып, чарбаларды көрүп таң калып кетишкен.

Кечээги иш-чарага барган 30дан ашык делегацияны да Талды-Булак органикалык аймагындагы конок үйлөргө жайгаштырдык. Эки аймактын аралыгы жакын болгондуктан, салыштыра келгенде биринен-бири өтөт. Алардын ортосунда атаандаштык да абдан күч экен. Үйлөрдүн ичи эле эмес, сыртынын тегерек-четин да абдан кооздоп, олтургучтарды, селкинчектерди орнотуп жагымдуушарттарды түзүшкөн. Тоок баккан жайларын да, биздин «BiO-KG» Органикалык Кыймыл Федерациясынын “акыйкаттык, кам көрүү, ачык-айкын болуш керек” деген принциптерине ылайыкташтырып жасашкан. “Кам көрүү”принцибинде адамдар бири-бирине шарттарды түзүп берүү менен кам көрөт. Аларга жан-жаныбар, макулуктар да кирет.

Кыйналдык деп, кыйкырбайлы!

Чектеш кошуналарыбыздын эле айылдарын кыдырып, биздин айылдар менен салыштырып көргөн адам бизде жашоо-шарт бир топ жакшы экен деп айтаар эле. Орто Азия боюнча Кыргыз Республикасында элдин жашоосу эң мыкты. Ошондуктан, биз эң сонун мамлекетте жашайбыз деп, тоолорубузду, сууларыбызды, бейиштин төрүндөй касиеттүү жерибизди сүйүп, барктап, анын өнүгүшүнө мен да өз салымымды кошоюн деген мекенчилдик, чынчылдык жана ак ниеттик сезим ар бир атуулда күчтүү болсо, мамлекет тез аранын ичинде өнүгөт. Биз керек болсо дүйнөлүк деңгээлде үлгү боло турган мамлекет болгонго мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мисалы, Казак Республикасында пенсия абдан көп дегенибиз менен тамак-аш кымбат экендигин айткыбыз келбейт. Өзбек Республикасында жер реформасы болгондо мамлекет ар бир фермерге баланча гектар жер аянтына пахта эксең, түкүнчө пайызын мамлекетке төгөсүң деп план салып коёт.Бизде жер салыгы жылына 350 сом. Ал эми өзбек кошуналарда биздин сомго айландырганда 8 мин сомдон ашат. Муну да айткыбыз келбейт. “Жакшы өлкөнүн эли саякатчы, жаман өлкөнүн эли саясатчы” дегендей элдер азыр саясатты эле сүйлөп калышкан. Президентке карата оозубузга келгенин сүйлөйбүз. Мен булардын баарын эмнеге айтып жатам? Биз пайгамбар жашына келип калдык. Калыс, адилет кебибизди айтып, элге туура сөздү жеткирүү биздин парзыбыз. Сөздөн ишке өтөлү демекчимин. Бийлик тарапка жакшы соз айтсаң, азыр кошоматчы деген сөзгө каласың. Буга чейин көп жерлерде, буйруган кызматтардын баарында иштедим. Колубуздан келген нерселерди жасадык. Азыр бийликке барып кызмат сурабайм, кереги да жок.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы кут болсун!

Жуманын башында көз карандысыз, өз алдынча мамлекет болгондугубуздун 30 жылдык майрамын белгиледик. Суверендүү өлкө катары бир топ мамлекеттердин арасында желегибизди желбиретип, ат салышып жүрөбүз.30 жыл ичинде жакшы, жаман окуялар болду. Экономикалык, саясий көйгөйлөрдү айтпаганда, эркин, демократиялуу өлкөдө жашоонун өзү чоң бакыт. Тилибиз, дилибиз жоголбосун. Элибизге тынчтык, өнүгүү жана бакубат жашоо каалайм. Эгемендүүлүгүбүздүн түбөлүгү түз болсун!

Бактыгүл Кулатаева

error: Content is protected !!