Гүлнара ШЕКЕРБЕКОВА: “Жылуу суу муун ооруларына жакшы таасирин берет”

“Дельфин” эс алуу комплексинин жетекчиси Гүлнара ШЕКЕРБЕКОВА:

Өлкөбүздө минералдык жана арашан суулар кыргыз элибиздин саламаттыгын чыңдаш үчүн кеңири пайдаланылып келет. Ысык-Көл жер астынан чыккан минералдык жана арашан сууларга бай аймак. Бул аймакта учурда 25тен ашуун булактардын чыккан жери белгилүү. Көпчүлүгү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Алардын катарында Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы жер астынан чыккан жылуу сууну айтсак болот. Аталган айылда жайгашкан “Дельфин” эс алуу жайы учурда туристтер эң көп барган жер. Бул эс алуу жайына күнүнө тынбай жүздөгөн эс алуучулар кирип чыгат. Көбүнчөчетөлкөдөн жана Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан келгендер арбын. Мындан улам “Дельфин” эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлнара Шекербекованы кепке тарттык.

— Гүлнара айым, “Дельфин” эс алуу жайын кайсы жылдан бери иштетип келесиздер?

— Бул жерди 2011-жылдан бери жолдошумдун Ибраев Оморбек аттуу досу агасы экөө иштетип жүрүшчү экен. Кийин сатылаарын угуп, жолдошум досу Оморбек экөө сатып алып, 2017-жылдан бери иштетип келатабыз. Албетте, алгач оңдоо-түзөө иштерин колго алып, тегерегин курчатып тостурдук. Жаңы коттедждерди салып, өзгөртүү киргиздик. Бирок, атын өзгөртпөстөн “Дельфин” боюнча калтырдык. Жалпысынан ушул айылдын онго жакын тургунун иш менен камсыздайбыз. Бизге келип эс алгандардын аягы суюлбайт. Кандай мезгил болбосун буту, колу, мууну ооругандар келип, жер алдынан 45 градус ысыкта чыккан сууга түшүшөт. Былтыр бир апаны араң жетелеп келишкен. Күндөүч маал бутун жылуу сууга салып олтургузуп жатышты. Үч күндөн кийин ал апанын өз алдынча басып кеткенине күбө болуп бир жагынан кубанып, бир жагынан сыймыктандым. Бул жылуу суу ашказандын жарасына да даба. Жакын туугандарыбыздан бирөө ушул суудан тосуп алып ичип жүрүп, ашказан дартынан айыкты.  

— “Дельфин” борборунан дагы кандай процедураларды алууга болот?

— Бизде жылуу суудан тышкары балык массаж, жалпы массаждар бар. Балык массаж — бул кадимки 1500гө жакын майда балыктар менен денеге укалоо жасамай. Өзгөчө бут, кол, муун ооруларына бул ыкма жакшы таасирин берет. Анткени, ооруп турган жерди балыктар өздөрү таап, изилдеп массаж жасашат. Мындай балыктар Польшадан алынып келинип, дарылоо ыкмасы үчүн атайын багылат. Бирок, мындай балыктар 3 жыл гана жашай алышат жана 10 сантиметрге чейин элеөсүшөт. Ошондой эле, каалаган кардарлар үчүн укалоонун бир топ ыкмалары колдонулат. Ага кенен шарттар түзүлгөн. Дарылоо курсу бүткүчө биздин жатаканаларга жайгашып, эс алууга да мүмкүнчүлүктөр бар.

— Сыр болбосо бааларына да токтоло кетсеңиз?

— Жылуу суу куюлган бассейнге түшүүүчүн кирүү беш жашка чейинки балдарга акысыз. Беш жаштан өйдө 100 сом. Чоң адамдарга 200 сомдон. Жалпы денеге балык массаж 1000 сом, ал эми бутка же колго балык массаж 500 сом. Ал эми кадимки массаж алуу түрлөрүнө жараша, 450 сомдон 1000 сомго чейин. Жатакана боюнча бир орундук, бир кишиге бир күнгө 900 сом. Бул суммага жылуу суунун да баасы кирет. Ошондой эле бул жерде кафе, ашкана да бар. Ал жерден каалаган тамактарды кардарлар буйрутма менен алып тамактанышат. Тамактардын баалары өтө кымбат эмес. Кардарлардын чөнтөгүнө ылайыктуу баа коюлган. 

— Бассейндеги суу канча убакытта бир которулуп турат?

— Күн сайын кечки саат сегизде бассейндеги суулар төгүлөт да, ичин хлорлоп тазалап жууп, кайрадан эртең мененки саат 5ке чейин толтурабыз. Бул минералдык суу атайын КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин лабораториясынан 2005-жылы текшерилип, көптөгөн ооруларга даба экендиги аныкталган. Дарылык касиети бар жылуу суу 1697 метр тереңдикте ысык жана муздак болуп бөлүнүп, өз-өзүнчө чыгат. Өзгөчө жылуу сууга кышында келгендер көп. Себеби, ачык асман алдында, айланада аппак кар башкача сезим калтырат. Аталган сууга түшүүнүн да эрежеси бар. Анткени, бул минералдык суу болгондуктан 15-20 мүнөт гана түшүү керектелет. Ал эми келген кардарларыбызга атайын көрсөтмөлөрдү, кеңештерди берип, көзөмөлдөп турабыз. Эскертүү плакаттар илинген. Мисалы, кан басымы жогоруларга мындай сууга түшүүгө болбойт.

— Бул эс алуу жайы көлгө, пляжга да жакын экен. Андыктан, жылуу сууга эле эмес, массаждарга, көлгө түшүп эс алуу үчүн келгендер да көп болсо керек?

— Албетте, дарылануудан тышкары жөн гана эс алуу үчүн келген конокторубуз да аз эмес. Жайкысын келгендердин саны абдан көп, өзгөчө туристтерге байбыз. Мисалы, бир келген чет элдик жаран кийинки жылы сөзсүз башкаларды ээрчитип келет. Кышында “Каприз” лыжа базасына бараткан жана келаткан туристтер бул жерге кайрылып, сууга түшүп денелерин жибитип кетишет.

Жазгүл КАРБОСОВА

error: Content is protected !!