Феликс Кулов: «30 жыл аралыгында көп катачылыктар, кемчиликтер болду»

Үстүбүздөгү жылдын 31- августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болгондугуна 30 жыл толду. Мамлекеттин көз карандысыздыгы кантип түптөлгөн?  Ага кайсы окуялар себеп болгон? Бул темада көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, «Ар – Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен баарлаштык.

— Феликс Шаршенбаевич, саламатсызбы? Быйылкы жылы Кыргызстан мурдагы   Союздук республикалардын катарында көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилеп жатат. Сиз мамлекеттин эгемендүүлүгүн түптөгөн адамдардын бири  катары ошол окуяларга саресеп салып баяндап берсеңиз.

— Мен жеке  өзүм үчүн Кыргыз  Республикасынын көз карандысыздыкты алган жылдарын эгемендүүлүктүн романтикалык доору деп атап алгам. Себеби, биз аны Кудайдын белеги катары эле алып калдык. Бул бизге күтүүсүз болгон. Башында ошол романтикалык маанай менен эле көп нерсеге жетебиз деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, кийинки окуялар көрсөткөндөй биздин дараметибиз да, акылыбыз да башыбызга келген ооматты татыктуу  көтөрүүгө жеткен жок.

— 1991 – жылдын август айында ГКЧП тарабынан бийликти басып алууга аракеттер болгондо сиз Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүн колдогон жана коргогон  күч структураларынын жалгыз өкүлү болдуңуз. Бул кадамыңыз туура болгондугун кийин убакыт тастыктады.

— 19 — августта Москвада Янаев башында турган  ГКЧП (Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитети) түзүлүп, алар пресс-конференцияда: «М.Горбачев (Ал кездеги СССРдин президенти) өлкөнү башкара албайт, андыктан бийлик биздин колго өтөт», — деген билдирүү жасашкан.

Бизди дароо эле президент Аскар Акаев кабинетине чакырды. Ал жерде Коопсуздук комитетинин башчысы Жумабек Асанкулов, парламент спикери Медеткан Шеримкулов жана мен бар элем. Акаев  чечим кабыл алаардан мурда баарыбыздын оюбузду угууну  туура көрүптүр. Генерал Асанкулов укук коргоо, прокуратура органдары, партия өкүлдөрү, ишканалардын жумушчулары, бардыгы ГКЧПнын чечимин колдоп жатышат деди.

Мен кол көтөрүп: «Мен бул ойго кошулбайм. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ГКЧПнын чечимин колдобойт. Биз өзүбүздүн президентке баш ийип, анын буйругун аткарышыбыз керек», —  деп айттым.

Жыйындан кийин Аскар Акаевге мамлекеттик маанилүү мекемелердин бардыгын коргоого алууга даяр экендигибизди билдирдим.

Анда кызыктай эле абал болчу. Бир эле имараттын 7-кабатында  ГКЧПны колдогон Кыргыз   СССРинин  Комитетинин биринчи секретары маркум Ж.Аманбаев иш алып барчу.  Ал имараттын түштүк тарабында отуруп, жарыгы жок караңгы түндүк тарабында өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин иш бөлмөсү жайгашкан. Аларды Коопсуздук комитети кайтарып турчу. Мен мамлекет башчысынын коопсуздугуна өзүм кепил  алаарым менен мага Ташкенттен СССРдин Коргоо министрлигинин Орто -Азия боюнча аскердик аймагынын башчысы, генерал-полковник Фуженко чалып: «Демократия оюндары менен ойногонуңду токтот!» деди. Андан кийин, дароо эле  Панфилов дивизиясынын башчысы Валентин  Лукьянов да чалып: «Ак үйдү Кой-Таш тараптан оор артиллерия менен атып жок кылууга күчүбүз жетет!» деп коркутту.

Белгилей кетүүчү жагдай,  буга чейин укук коргоо органдарын 28 пайызы Коммунистик партиянын курамында болсо, калганы партия мүчөлөрү эмес эле. 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы түзүлгөндө милиция кызматкерлеринин  көбү ошол партияга кирүү ниеттерин билдире башташты.

Андыктан мен ички иштер органдарынын кызматкерлери эч бир партиянын катарында болбой, бир гана мыйзамга баш ийиш керек  деген сунуш киргизип 17 -августта менин демилгем колдоого алынып, милиция кызматкерлери департизация болду. Бул окуядан кийин 19-августта ГКЧП окуясы болуп отурат. Эгерде милиция кызматкерлери  партия катарынан чыкпаганда, окуя кандай өңүттө кетет эле ким билет? 

Ошол убакыттагы жаштар бизди абдан  колдошуп: «Колубузга курал — жарак берсеңер эгемендүүлүгүбүз үчүн кан-жаныбызды аябайбыз», —  деп кайрылышты. Мен аларга: «Эгерде борборго танкалар менен куралданган аскерлер кирип келсе, силер аларга каршы турбай, кайра аларды гүл, нан менен тосуп алгыла. 18 жаштагы жаш балдар бул жерде душман жок экенин көрсө, силерди карай ок чыгарышпайт», — деген кеңешимди бердим.

Ошол эле убакытта бизде Балыкчыда аскер бөлүктөрү бар эле, эгерде ал жактан танкалар келе турган болсо,  Боом капчыгайынан таш кулатып, жолду жабуу сунушун киргиздим.  Ал эми Кой-Таш тарапка болсо, Афганистанда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин мотоциклге отургузуп,  анын коляскасына темир ломдорду салып коюуну сунуштадым. Эгер танкалар борборду көздөй келсе, алардын дөңгөлөгүнө темир ломдорду салып иштен чыгаруу керек эле. Кант аэропортунан да учактар келип конбосун деп электр энергиясын өчүрүп,  Манас аэропортунан самолёт конбосун деп бетон тосмолорду коюп ГКЧПнын аракеттерине каршы туурууга даярдык көрдүк.

Бул жерден баса белгилеп кетээрим – Кыргыз Республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан эң алгачкы көз карандысыз эгемендүү мамлекет болгон. Бул чечимди эң биринчи ошол кездеги президент Аскар Акаев кабыл алган.

— Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдары кыргыз элинин,  жеке сиздин кандай аруу ой-тилек, максаттарыңар бар эле? Ошол үмүттөр акталдыбы?

— Чынын айтканда, алгачкы жылдары кырдаал оор эле. Мурдагы Союз республикаларында чек ара деген түшүнүк жок эле.  Кытай менен гана чек арабыз такталган. Жаңы мамлекеттин мыйзамдары кабыл алына элек…

Азыркыга чейин өкүнгөнүм — чек араларды тактоодо менин сунуштарымдын көбүн  өлкө башчысы колдоого алган  жок.  Бир эле мисал, Союз тараган жылдары, Тажикистан менен Кыргызстандын ортосундагы формалдуу чек арада эки өлкөнүн ортосунда   кандайдыр бир чектөө болсун, деген ой менен кыргыз-тажик чек арасынын тилкесине биз тараптан  кыргызча аталышы бар  чайхана, ашкана, дүкөн, май куюуучу жайлар жана башка түйүндөр салынып, чек аралар толук такталганча бул кыргыздын жери экендиги ачык-айкын билинип турсун деген ой менен, түштүктөн 14  жеке ишкер менен  сүйлөшүп, бул уюмдун атын «Улуттук Ар -Намыс» деп атадык. Андан кийин мен Аскар Акаевге кирип: «Аскар Акаевич, сиз ушул 14 ишкерди баардык салыктан бошотуучу чечим кабыл алып, колдоо корсөтсөӊүз,  чек ара такталганча биз өз жерибизди ушундай жол менен болсо да белгилеп туралы», — деген сунушумду айттым да,  бул ишти дароо өз кызыкчылыгын көздөп жатат деген сөздөн оолак болуу үчүн: «Аскар Акаевич, мындан ары  бул жигиттер менен сиз жеке өзүӊүз иш алып барыӊыз», — дедим.

3 айдан кийин Акаев бул чечимди жокко чыгарып: «Менин кеӊешчим Валерий Исидорович Левитин бул ишти туура эмес деп эсептеп  жатат»,- деди. Мен Левитинге кирсем, ал мени  өзүмө упай топтоо учун ушул ишти уюштурду деп эсептээрин  айтты. Абдан кыжырым келип, ошол жерден жиним менен бир топ ачуу сөздөрдү айттым.

Кийин 90-жылдары мага (ал кезде депутат эле) Эмомали Шарипович Рахмонов (учурда Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон) кайрылганда, тезинен  чек ара маселесин чечели деп сунуш киргизгем. Тилекке каршы, ал жылдары коӊшу өлкөдө жарандык согуш башталып, бул маселе арткы орунга жылып кетти.

                Чынын айтканда, 30 жыл аралыгында  көп кемчиликтер, катачылыктар кетти. Балким мен да алсыздык кылдымбы,  койгон сунуштардын аткарылуусун катуураак  талап кылсам болмокпу деп ойлом. Өкүнгөнүм ошол  кезде  менин сунуштарым колдоо тапканда, чек ара маселеси , азыркыдай  курч турбайт эле.

-Эгемендүүлүк жылдары эмнеге жетиштик,эмнени жоготтук?

-Чынын айтканда, көп нерсени жоготтук, колубуздан келе турган нерселерди аткара алган  жокпуз.  Тактап айтканда, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы эйфорияга алданып,  көп нерседен уттуруп жибердик.

Мисалы, окууну жаңы аяктаган жаш жигит алдыга сонун максаттарды коюп, бирок тагдырдын татаал сыноолорундун алдында алсыз болуп калган сыӊары,  биз да ошол абалга кептелдик.

Сиз учурунда  куугунтукка кабылгандыӊызды билебиз.Ошол убакыттан бери сиздин дарекке ар турдүү сын-пикирлер айтылып келет. А чындыгында окуя кандай болгон?

-Убагында мага  аскердик учактарды, вертолетторду сатып жиберди деген күнөөлөрдү коюп келишкен. Чынында мен мындай ишке таптакыр тиешем жок.  Эмне үчүн  мага мындай күнөөлөр коюлган? Оозунда элеги жоктор дагы деле ушундай сөздөрдү  айтып жүрүшөт. Эгерде мен бир учактын бир тетигин сатканым далилденсе, мен эл алдында өзүмдү өзүм атууга даярмын деп айтып келем. Бирок, ошентип мага куру жалаа койгон адамдар өзүлөрү уялып кечирим суроого даай аалышабы? Мага ошол кызык.  

Ал эми биз Тажикистандын Улуттук Гвардиясына  курал-жарак саткандыгыбыз жөнүндө түшүндүрө кетсем, ал окуя мындайча болгон.

Коӊшу Тажикистанда жарандык согуш башталган убакытта Тажикистандын Президентинин милдетин аткаруучу Акбаршо Искандаров Орусиянын Президенти Борис  Ельцин менен жолугушуу учурунда: «Биздин Улуттук гвардияга, милицияга автоматтар жана аскердик техника жетпей жатат. Биз аларды силерден сатып алууга даярбыз», — деп айткан экен.

Ельцин Акаевге : «Аскар, силер Тажикистан менен кошунасыӊар,  биз Орусиядан ташып эмне кылабыз? Силерден эле сатып алышсын», —  деп айтат.  Акаев Бишкекке келээри менен  мени чакырып колума папка карматып: «Акбаршо Искандаров 150 автомат 2 танк сатуу өтүнүчү менен мага  кайрылыптыр маселени чечиӊиз», — деди. Мен кабинетиме келип папканы ачсам,  президенттин өзүнүнүн  резолюциясы жок, Искандаровдун Акаевге жазган өтүнүч каты эле бар экен. Мен кол алдымдагыларга: «Танк сатууга даярбыз дегенибиз менен жарактуу танк жок экен деп ишти болушунча созгонго аракет кылгыла», — дедим да бизде ашыкча курал –жарак бар бекен деп кызыктым. Резервде өзүбүздүн керектөөдөн ашыкча  автоматтар  бар экендигин билгенден кийин, аларды Орусиядан ала турган баадан дагы 30-40% кымбат саттык. Окуя мына ушундайча болгон. Андан кийин мен Москвага командировкага кеттим, мен жокто парламенттин жыйынында депуттар: «Кулов өзүн  өзү билип автоматтарды, танкаларды, самолётторду, вертолётторду жана башка техниканы саткан»,-  деген күнөөнү коюшуптур. Мен дароо Бишкекке келип коргоо министрлигине Тажикистанга кат жонөтүп автоматтарды бизден мыйзамдуу түрдө алгандыгын күбөлөндүргөн документтерди сураттым. Автоматтар Тажикистанда ордунда экен.  Мени трибунага чакырышып: «Сизге автоматтарды сатууга буйрукту ким берди эле?» деп сурашканда артка кылчайып,  Акаевди карасам ал унчукпай отурат. Бирок мен табиятымдан  бирөөгө күнөөнү оодарып, анын артынан  териштирген адам эмесмин. Мен Тажикистандын өтүнүчү менен тиешелүү жетекчилер (Акаевдин атын атаган жокмун) ушундай чечим чыгарышкандыгын,  баардыгы мыйзам чегинде болгондугун айтып бердим.

Кийин бул маселени парламентте айтып чыккан Жумагул Сааданбековдон окуянын чоо-жайын сурасам ал мага: «Мени Аскар Акаев өзүнө чакырып алып: «Көрсө менин артыман мага айтпай, Кулов автоматтарды, танкаларды, самолётторду, вертолётторду жана башка техниканы сатып жүрүптүр» деп айткандыктан Сааданбеков бул маселени депутаттардын алдында көтөргөнүн айтты.

—  Жаӊылбасам сиз Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында саясий куугунтукка кабылган эӊ алгачкы саясатчы да болгонсуз...

Мени соттогондор боюнча да айта кетейин. Улуттук Коопсуздук министри болуп турганда кандай техника бар экенин текшерип чыктым. Карасам эч нерсе жок. Атайын кызматтар үчүн атайын  техника саткан ФСБ  (Федералдык Коргоо Кызматы) дүкөнүн издештирип таап, Москвадагы таанышыма: «Бизде акча жок техника да жок жардам берип коесуӊбу?», — деп сурандым. Ал отставкадагы генерал,  ошол учурда   бизнесмен эле, дароо  10 миӊ доллардын тегерегиндеги акчага техника алып берет. Кийин мен иштен кеткенден кийин, бир жылдан соӊ,  ал техникалардын бир бөлүгү жоголуп, ага мени күнөөлөп башташат. Ошентип мени жалган жалаа менен камакка алышкан. Башкача айтканда, мени каралоо аракетин көрүп, бийлик ар кандай ойго келбеген жосунсуз күнөөлөрдү коюп келишкен. Биринчи сотто мен толугу менен акталып, бирок  экинчи сотто 7 жыл эркиндиктен ажыратышты. Кийин дагы ойдо жок нерсени кошуп 3 жыл кошуп коюшту.

-Ошондо мунун баардыгы Акаев өлкөнү башкарып турган учурда болуп жатабы?

-Ооба Акаевдин убагында… Ушул жерде айта кетейин, кандай болгон күндө да, мен аны кечирдим… Саясатта кекчил болгон жарабайт. Акаевге  Кудай өзү тараза. Азыр Акаев менен Бакиевдин тагдырына эч ким суктанбайт.  Карыганда мекенине зар болуп жүргөндөн кудай өзү сактасын.  Адам үчүн улгайып калганда өз өлкөсүнөн куулуп, эли жерине келе албай калгандан  артык азап барбы?  

Мен учурунда   баардык президенттерди колдодум. Эмне үчүн?  Себеби погон тагынган адамдын темирдей эрежеси болушу керек: «Командирди адам катары сыйлабасаӊ да командир катары  сыйлашыӊ  керек», — деген. Мен ошол эрежени кармандым. Мен дагы президенттерди адам катары сыйлабасам да,  мамлекеттин башчысы, өлкөнүн жүзү,  кыргыз элинин жетекчиси катары сыйладым. Бизде саясий маданият деген  болушу керек. Тилекке каршы,  Союз убагынан бери элдин маданияты абдан төмөндөп кетти. Муну моюнга алышыбыз керек.

 -Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан берки 30 жылда өлкөдө алтынчы президент иштеп жатат. Анын экөө революция окуяларынан кийин мамлекетти таштап качса, бирөө камакта отурат. Бешинчи президент сурак берип жатат. Сиздин оюңузча биздин мамлекет башчыларынын катасы эмнеде?

-Бул оңой эмес суроо…

Атамбаев оюндагысынын баарын ачык айткан өтө эмоционалдуу адам болгон, анын тегерегиндеги адамдар анын ишеничинен пайдаланып анын жашоосунда  опурталдуу роль ойношту.  Жээнбеков тууралуу айткан болсок… Ал таза адам, бирок анын чечкинсиздиги жана жакшы ойлорун, идеяларын ишке ашыра турган командасы жок болгондугу ишине тоскоол болду.

-Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевчи?

Аскар Акаев идеяларга абдан бай адам болчу. Бирок, ал оргуштаган ойлорун  отуруп алып аткарып, анын аткарылышын талап кылууга дарамети жеткен жок. Буга анын мамлекеттик кызматтарда иштеген тажрыйбасынын жоктугу себеп болду. Ооба, ал мыкты илимпоз, окумуштуу, академик катары тажрыйбасы мол болгону менен,  мамлекет башчылык кызматында бул тажрыйба аздык кылды. Ал глобалдуу масштабда алыскы келечекте ишке ашуучу нерселерди сунуш кылганы менен,  аны аткарууга керектелген жөнөкөй нерселерге маани берчү эмес. Акаевдин айланасында  мыкты кадрлардын, өзгөчө менчиктештирүү тармагында туура  кеп кенеш берген адамдардын жоктугу аны аксатты. 

Ал эми Бакиевге келсек ал өзүнүн туугандарына ченемсиз ыйгарым укуктарды ишенип берип, анын бир туугандары балдары мамлекетти каалагандай калчап турушту. Акыр  аягы жаман бүттү. Канчалаган адамдар каза болушту, канча киши жакындарын жоготуп кан жутуп кала беришти. Акаевдин убагында да Аксы окуяcы  тарыхка кара так салган эле.

Демек, бул  адам баласы атак-даңк мансапка  ашыкча көз каранды болуп, бийликтен кетпештин бардык жолдоруна барууга даяр болгондугунун арты жакшы болбостугун дагы бир жолу далилдейт. Бул адамдар бийликке тырмышып, эл тарабынан кугунтукталды. Ал эми Атамбаев бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп бергени менен, кийин өзү бийликке алып келген адамды эл алдында басмырлап, мыйзамга баш ийибей, өтө эле  чектен чыгып кеткендиги анын катачылыгы болду.

 Андыктан, биздин муун кетирген каталарды кийинки келечек муундар, өзгөчө мамлекетти жетектеп турган адамдар кайталабаса экен дейм. Мага эч кандай кызматтын кереги жок, мен кызмат сурабайм. Бирок, жаштарга туура багыт берүүгө кеп- кеңешимди айтууга дайыма  даярмын.

-Сиздин «Ашууда» деген китебиӊизди окусак, жашооӊузда ойдо төмөн учурлар болгон экен. Ошол кыйналган убакытта мекениӊизди таштап чет жакка кетүү ниетиӊиз болду беле?

-Кээде мени: «Жашооӊузда эмнени өзгөртмөк элеӊиз?»,- деп сурашканда: «Саясий жашоомдо эч нерсени өзгөртпөйт болчумун» деп жооп берем. Себеби, эртеӊ эмне болуп кетээрин  эч ким билбейт. Мисалы мен Бакиевдин убагында: «Премьерлик кызматтка жабышып жүрсөм, азыр каякта болот элем? Же Акаев мени түрмөгө отургузганда андан коркуп, кошоматчылык кылсам,  балким ал мени түрмөгө отургузбайт эле. Бирок мен азыр каякта болот элем?  Балким чет жерде чөнтөгүмдө акчам жок качып жүрмөкмүн. Ал эми жеке жашоомдо… Жеке жашоомдо көп нерсени өзгөртмөкмүн. Бирок анын баардыгын коомчулукка алып чыгуу туура эмес деп эсептейм.

-Кыргызстандын келечегин кандай көрөсүз?

-Албетте, балдарың неберелериң бар болгондон кийин алардын келечегине,  өлкөнүн келечегине кайдыгер карай албайсың. Балдар чет жерде билим алып кетиши мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эртеби-кечпи алар кайра мекенине кайтып келишет. Бирок, алар кандай өлкөгө келишет?  Ал — биздин жоопкерчилигибиз.  Мен погон тагынып, ант бергенде: «Менин милдетим мекенимди кашык каным калганча коргоо», — деп айткам. Андыктан Кыргызстан,  Мекен деген түшүнүк мен үчүн куру сөз эмес.

Маектешкен: Альбина МЕТЕРОВА

error: Content is protected !!