Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Жылдык бюджетти аткарбагандар жооп бериши керек

Экономика
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
609

«2016-жылдын бюджетинин аткарылбай калганы үчүн бардык жетекчилердин жоопкерчиликтерин кароо керек», - бул тууралуу  депутат Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында билдирди.  «Өткөн жылдын бюджети 1 млрд. сомдон ашуун каражатка аткарылбай калыптыр. Кимиси болбосун, бул үчүн жооп бериши керек», - деп кошумчалады депутат.

Бюджеттик пландын аткарылбай калганын моюнга алган биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев биринчи кезекте ошол тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министрлер жооп бериши керектигин белгиледи. «Мен өлкөнүн экономика тармагын 2017-жылдан тарта жетектеп жатам. Мурда ал тармакты вице-премьер-министр Олег Панкратов тейлеп келген. Жеке ал эмес, Өкмөттүн бүткүл курамы жооп берет», - дейт ал.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.