Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча иликтөө иши эки айга узартылды

Экономика
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
463
Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын иши дагы эки айга узартылды. Буга чейин комиссия долбоорго кеткен чыгымдарды иликтөө үчүн эл аралык аудиттерди тартуу, курулган объектилерди мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу жыйынтыгына келген.  Ал эми “Жогорку-Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коомунун  башкаруу кеңеши, депутаттык комиссиянын ишин көз карандысыз аудит текшерүүгө тийиш деп эсептейт. 
Президент Алмазбек Атамбаев  жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында  бул маселеге да кайрылган.  Эскерте кетсек,  Жогорку Кеңеште Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы угулду.   
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.