Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

«Жигердүү ишкер-майнаптуу мамлекет»

Экономика
28 - Март 2017
www.erkintoo.kg
472
Ушундай аталышта Нарын шаарында ишкерлердин башын бириктирген тегерек стол жыйын болуп өттү. Анда КРнын Экономика министрлигинин сектор башчысы Кубат Шатманалиев өлкөдө ишкердикти колдоо саясаты улантылып жаткандыгын билдирди.
            -Башкы максат ишкерлерге административдик тоскоолдуктарды азайтууда болууда. Бирок ошол эле учурда бир катар текшерүүчү кызматтар, айрыкча укук коргоо органдары тарабынан негизсиз текшерүүлөр азайбай жатат. Ошондуктан биздин министрлик тарабынан ишкердүүлүк жасоого бир катар чаралар көрүлүүдө. Маселен, 2011-жылга чейин ишкерлерди 21 органдар текшере ала турган болсо, бул көрсөткүч 2011-жылы 13кө түшүрүлгөн. Ал эми былтыркы жылы дагы эки орган кыскартылып, эми ишкерлерди 11 гана органдар текшере алышат. Ошондо дагы пландуу негизде, арыздар түшкөндө жана ишкерлер өздөрү кайрылган учурда гана текшерүүгө укуктуу,-деди К.Шатманалиев мырза.
            Жыйында «Текшерүүлөр жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтар берилип, provepka.kg маалыматтык порталы боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.
 
К.УСУПТЕГИН.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.