Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Жарактан чыккан сомдор эмне кылынат?

Экономика
10 - Май 2018
www.erkintoo.kg
269
  Эскирип, колдонууга  жараксыз сомдор кайра иштетилип чыгып, картонго айланат. Бул тууралуу Улуттук Банк маалымдады. Эсеп боюнча жылына  Улуттук банк тарабынан 35-40 тоннага жакын айрылган, эскилиги жеткен акчалар жок кылынат. Алардын ордуна жаңы сомдор жүгүртүүгө чыгарылып, жок кылынган эски акчалардын ордун толуктайт. Сом 100 пайыз пахта буласынан жасалып, кагазы 5 миң жолу бүктөөгө туруштук бере тургандай болуп жасалат.  Ал эми  банкнотага кир жукпаш үчүн, анын алдыңкы жана арткы бетине атайы лак сүртүлөт экен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жарыяланды.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.