Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Улуттук банк “Кыргыз Каганатынын жеңил куралданган аскери” жана “Айгүл гүлү” коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды

Экономика
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
454
Улуттук банк “Кыргыз Каганаты доору” сериясынан “Кыргыз Каганатынын жеңил куралданган аскери” күмүш жана жез-никел коллекциялык монетасын жана “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясынан “Айгүл гүлү” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын Накталай акча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Медина Аширалиева билдирди.
Ал “Кыргыз Каганатынын жеңил куралданган аскери” коллекциялык монетасы Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына арналган “Кыргыз Каганаты доорунун” 4-сериясындагы монетасы экендигин белгиледи.
“Бул монетанын баасы 2800 сом, ал 10 сом номиналында чыгып, 915-пробадагы күмүштөн жасалган. Бул сериядагы монеталар кыргыз элинин рухий жана маданий баалуулугун таанып-билүүгө зор салым кошот. Монетада Улуу Кыргыз Каганатынын жеңил куралданган жаачы-аскеринин сүрөтү түшүрүлгөн”,-деди ал.
Ошондой эле, М.Аширалиева “Айгүл гүлү” манетасы КРнын Кызыл китебине кирген Кыргызстандын флорасынын сейрек түрлөрүн сактоо жана таанып-билүү максатында чыгарылганын белгиледи.
“Монетада Баткен облусунун Айгүл-Тоосунун түндүк тарабында өскөн Айгүл гүлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. Бул монетанын баасы 2420 сом, ал 10 сом номиналында чыгып, 925-пробадагы күмүштөн жасалган”,-деп айтты ал.
 
Булак: «Кабар»


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.