Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Төрага Дастан Жумабеков: «Ар бир үйдө жарык болушу тийип турушу керек»

Экономика
30 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
33
Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышты. 1700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздаган заводдо ушул тапта лампанын ондогон түрлөрү чыгат.  Төрага Дастанбек Жумабеков: "Биз ар дайым 10 же 100 жумуш орунун түзөлү деп инвестор издейбиз. Аларга жер таап берели, шарт түзөлү деп убара болуп журобуз. Бирок 1700 адамга жумуш берген ушундай алтындай болгон заводду колдой албасак, анда өнүгүүдөн үмүт үзүп коюш керек. Ар бир үйдө, ар бир ишканда Майлуу-Суунун чырагы күйүп турушу керек”, - деди ал.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу