Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн онлайн көрүүгө болот

Экономика
15 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
66
Бул тууралуу Электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү бөлүмүнүн эксперти Аскат Абылаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. "Коомчулукта Токтогул суу сактагычындагы сууну сатып жатышат, ошол себептен быйыл суу аз деген терс маанайдагы ойлор айтылып жатыптыр. Бул чындыкка дал келбейт. Анткени суунун көлөмү табигый кубулуштардан улам ар 4-5 жылда азайып турат. Былтыркы жылы жаан-чачын аз болуп, быйыл суунун көлөмү да азайып кетти. Муну ӨКМден да тастыктап беришет. Ал эми ишенбегендер болсо, "Электр станциялары" ААКсынын сайтына кирип, түз эфирден онлайн режимде суунун деңгээлин көрсө болот. Ал жакта күнүнө канча куб метр суу топтолуп, канчасы колдонулуп жатканына чейин көрсөтүлүп турат", — деди Абылаев.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу