Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Токтогул ГЭСинин бир агрегаты ишин токтоттубу?

Экономика
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Токтогул ГЭСинде авария болуп, бир агрегаты ишин токтоткондугу айтылууда. Мындай маалыматты  24.kg маалымат сайты жазды.
Маалыматтарга караганда,  авария 15-декабрдан 16-декабрга караган түнү болгон. Ал 2015-жылдын 23-декабрында ишке кирген кабелдик линияларында болгон. Белгилүү болгондой Токтогул ГЭСинде катталган  авариянын кесепеттерин жоюуга орусиялык адистер тартылган. Бул жолу дагы алар ГЭСке келгендиги айтылууда. Ал эми  “Электр станциялары”  ААКсынын жетекчилиги жана Улуттук энергохолдинги азырынча авария боюнча маалымат бере элек.
 
Айнура Шайкеева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.