Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Таласта төө буурчак арзандоодо

Экономика
05 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
207
Ушу тапта Таласта төө буурчактын баасы 30 – 35 сомдон сатылып жатат. Жыл башында төө буурчактын наркы 60-70 сомго чейин бааланган. Талас облусунда төө буурчак сатып алуучу 24 ишкана бар.  Дыйкандар төө буурчактын баасынын арзандашынын себептерин билүү максатында Талас областындагы төө буурчак алып жаткан ишканалардын өкүлдөрү чакырылып, негизги себептери айтылган. Бул фирмалар дагы экспортко өткөргөндө баалары төмөн болуп жатканын айтышты. Ал эми дыйкандар төө буурчак 50 сомдон жогору баада сатылса деген ойлорун билдиришүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.