Курс НБ на 27.06.2019 $69,6072 €79,1538

​Суу түтүктөрү жаңыртылат

Экономика
10 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
51
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана Гранттык макулдашуулардын долбоорун жактырды.  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртыларын айтты. «Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат», - деп кошумчалады ал.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу