Курс НБ на 14.10.2019 $69,8106 €76,8580

Statoil Канаданын мунайга бай кумдарында аны казып алууну токтотот

Экономика
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
449
Норвегиялык Statoil  ASA мунайгазкомпаниясы Канаданын мунайга бай кумдарында мунай казып алуу боюнча бардык өз активдерин жергиликтүү Athabasca Oilге 832 млн канада долларына (626 млн АКШ доллары) сатты, деп жазды The Wall Street Journal. Бул сатылган кенден суткасына 60 миңден баррелден ашык мунай казылып алынат.
Ушул бүтүмдүн натыйжасында Statoil Athabascaнын 20%га жакынынын ээси болуп калат жана 500 млн доллар өлчөмүндө эсептен чыгарууну жүргүзөт.
Канаданын мунайга бай кумдары дүйнөдөгү мунайдын эң бир кымбат булактарынын биринен болуп саналат жана ал парникалык газдарды кыйла көп чыгаруусу менен мүнөздөлөт.
«Бул бүтүм Statoilдин каражаттарды эң негизиги операцияларга багыттоо стратегиясына ылайык келет”, - дейт компаниянын аткаруучу вице-президенти Ларс Кристиан Бахет.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.