Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Соя айдап, экспортко чыгаруу натыйжа берет

Экономика
05 - Август 2019
www.erkintoo.kg
153
 Сояны өстүрүүнү дыйкандарга жайылтуу менен тамак аш коопсуздугун сактоого да мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирип, соянын курамында белок көп, чет өлкөлөрдө бул өсүмдүктү эт катары колдонушарын айтты. Ошондой эле, сояны өстүрүп, сыртка экспорттосок дыйкандарга жакшы натыйжа берет.Бул тууралуу  жакында, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылында жайгашкан «Энгельс» дыйкан чарбасында К Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) өткөргөн  семинарда айтылды. Семинарада соя дан өсүмдүктөрүнүн сортторунун сапатын жакшыртуу маселеси, соя  өстүрүүдө  органикалык препараттардын натыйжалуулугу, өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары , соянын базардагы баасы аны экспорттоо боюнча маалыматтар берилип, презентациялар окулду. Ошондой эле семинарга коюлган жер семирткичтер, химиялык дары дармектер, үрөндөрдүн түрлөрү көргөзмөсү менен коштолду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.